عن الملكية الفكرية التدريب في مجال الملكية الفكرية إذكاء الاحترام للملكية الفكرية التوعية بالملكية الفكرية الملكية الفكرية لفائدة… الملكية الفكرية و… الملكية الفكرية في… معلومات البراءات والتكنولوجيا معلومات العلامات التجارية معلومات التصاميم الصناعية معلومات المؤشرات الجغرافية معلومات الأصناف النباتية (الأوبوف) القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية مراجع الملكية الفكرية تقارير الملكية الفكرية حماية البراءات حماية العلامات التجارية حماية التصاميم الصناعية حماية المؤشرات الجغرافية حماية الأصناف النباتية (الأوبوف) تسوية المنازعات المتعلقة بالملكية الفكرية حلول الأعمال التجارية لمكاتب الملكية الفكرية دفع ثمن خدمات الملكية الفكرية هيئات صنع القرار والتفاوض التعاون التنموي دعم الابتكار الشراكات بين القطاعين العام والخاص أدوات وخدمات الذكاء الاصطناعي المنظمة العمل مع الويبو المساءلة البراءات العلامات التجارية التصاميم الصناعية المؤشرات الجغرافية حق المؤلف الأسرار التجارية أكاديمية الويبو الندوات وحلقات العمل إنفاذ الملكية الفكرية WIPO ALERT إذكاء الوعي اليوم العالمي للملكية الفكرية مجلة الويبو دراسات حالة وقصص ناجحة في مجال الملكية الفكرية أخبار الملكية الفكرية جوائز الويبو الأعمال الجامعات الشعوب الأصلية الأجهزة القضائية الموارد الوراثية والمعارف التقليدية وأشكال التعبير الثقافي التقليدي الاقتصاد المساواة بين الجنسين الصحة العالمية تغير المناخ سياسة المنافسة أهداف التنمية المستدامة التكنولوجيات الحدودية التطبيقات المحمولة الرياضة السياحة ركن البراءات تحليلات البراءات التصنيف الدولي للبراءات أَردي – البحث لأغراض الابتكار أَردي – البحث لأغراض الابتكار قاعدة البيانات العالمية للعلامات مرصد مدريد قاعدة بيانات المادة 6(ثالثاً) تصنيف نيس تصنيف فيينا قاعدة البيانات العالمية للتصاميم نشرة التصاميم الدولية قاعدة بيانات Hague Express تصنيف لوكارنو قاعدة بيانات Lisbon Express قاعدة البيانات العالمية للعلامات الخاصة بالمؤشرات الجغرافية قاعدة بيانات الأصناف النباتية (PLUTO) قاعدة بيانات الأجناس والأنواع (GENIE) المعاهدات التي تديرها الويبو ويبو لكس - القوانين والمعاهدات والأحكام القضائية المتعلقة بالملكية الفكرية معايير الويبو إحصاءات الملكية الفكرية ويبو بورل (المصطلحات) منشورات الويبو البيانات القطرية الخاصة بالملكية الفكرية مركز الويبو للمعارف الاتجاهات التكنولوجية للويبو مؤشر الابتكار العالمي التقرير العالمي للملكية الفكرية معاهدة التعاون بشأن البراءات – نظام البراءات الدولي ePCT بودابست – نظام الإيداع الدولي للكائنات الدقيقة مدريد – النظام الدولي للعلامات التجارية eMadrid الحماية بموجب المادة 6(ثالثاً) (الشعارات الشرفية، الأعلام، شعارات الدول) لاهاي – النظام الدولي للتصاميم eHague لشبونة – النظام الدولي لتسميات المنشأ والمؤشرات الجغرافية eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange الوساطة التحكيم قرارات الخبراء المنازعات المتعلقة بأسماء الحقول نظام النفاذ المركزي إلى نتائج البحث والفحص (CASE) خدمة النفاذ الرقمي (DAS) WIPO Pay الحساب الجاري لدى الويبو جمعيات الويبو اللجان الدائمة الجدول الزمني للاجتماعات WIPO Webcast وثائق الويبو الرسمية أجندة التنمية المساعدة التقنية مؤسسات التدريب في مجال الملكية الفكرية الدعم المتعلق بكوفيد-19 الاستراتيجيات الوطنية للملكية الفكرية المساعدة في مجالي السياسة والتشريع محور التعاون مراكز دعم التكنولوجيا والابتكار نقل التكنولوجيا برنامج مساعدة المخترعين WIPO GREEN WIPO's PAT-INFORMED اتحاد الكتب الميسّرة اتحاد الويبو للمبدعين WIPO Translate أداة تحويل الكلام إلى نص مساعد التصنيف الدول الأعضاء المراقبون المدير العام الأنشطة بحسب كل وحدة المكاتب الخارجية المناصب الشاغرة المشتريات النتائج والميزانية التقارير المالية الرقابة
Arabic English Spanish French Russian Chinese
القوانين المعاهدات الأحكام التصفح بحسب كل ولاية قضائية

قيرغيزستان

KG237

رجوع

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтом 2016-Жылдын 3-Октябры № 522 “Автордук Укук, Чектеш Укуктар Объектилерин Жана Интегралдык Микросхемалардын Топологияларын Каттоо Үчүн Жыйымдар Жөнүндө Жобону Бекитүү Тууралуу”

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Токтом 2016-Жылдын 3-Октябры № 522 “Автордук Укук, Чектеш Укуктар Объектилерин Жана Интегралдык Микросхемалардын Топологияларын Каттоо Үчүн Жыйымдар Жөнүндө Жобону Бекитүү Тууралуу”

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ­

ТОКТОМ ­

2016­жылдын 3­октябры № 522 ­

Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу

Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жол­жоболорун өркүндөтүү максатында, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 32, 37 жана 38­беренелерине, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14­беренесине, "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9­беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17­ беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

­ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999­жылдын 14­майындагы № 260 "Автордук укук, эриш­аркак укуктардын объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо жыйымдары жөнүндө" токтому;

­ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999­жылдын 26­майындагы № 286 "Электрондук эсептөө машиналары, маалыматтар базалары жана интегралдык микросхемалардын топологиялары үчүн программаларды каттоого жыйымдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

­ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001­жылдын 15­майындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерин өзгөртүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 8­пункту;

­ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999­жылдын 26­майындагы № 286 токтому менен бекитилген Электрондук­эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалыматтар базаларын жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттагандыгы үчүн жыйымдар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргаз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002­ жылдын 14­декабрындагы № 850 токтому;

­ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999­жылдын 14­майындагы № 260 "Автордук укук, чектеш укуктардын объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо жыйымдары жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003­жылдын 20­октябрындагы № 658 токтому;

­ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999­жылдын 14­майындагы № 260 "Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана автордук келишимдерди каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008­жылдын 16­августундагы № 461 токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер­

министри С.Жээнбеков ­

Тиркеме

Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө

ЖОБО

1. Ушул Жобо "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө", "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган автордук укук объектилерин, анын ичинде электрондук­эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалыматтар базаларын (мындан ары ­ автордук укук объектилерин), чектеш укуктар жана интегралдык микросхемалардын топологияларын (мындан ары ­ ИМСТ), ошондой эле ушул укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо менен байланышкан аракеттер үчүн жыйымдарды төлөөнүн өлчөмдөрүн, тартибин жана мөөнөттөрүн белгилейт.

2. Ушул Жобонун тиркемесине ылайык жыйымдардын өлчөмдөрү эсептик көрсөткүчтөр менен белгиленет жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төлөнөт.

3. Автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин же ИМСТтин бирден бир

автору болуп саналган, өзүнүн атына каттоо жөнүндө күбөлүк сураган жакка же

укук ээсине жыйымдарды төлөө боюнча төмөндөгүдөй жеңилдиктер берилет:

а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңештирилген

адамдар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 1­топтогу

майыптыгы бар адамдар ­ жыйымдарды төлөөдөн бошотулат;

б) жеке жактар жашаган жерине карабастан ­ ушул Жободо белгиленген

жыйымдардын өлчөмүнөн 10 пайыз төлөшөт.

4. Эгерде өзүнүн атына каттоо жөнүндө күбөлүк сураган өтүнмө ээлери бир

нече болсо, анда тиешелүү жеңилдик тарифи бардык өтүнмө ээлери ушул

Жобонун 3­пунктунда аталган жактардын кайсыл бир категориясына таандык

болгон учурда гана колдонулат.

5. Жыйымдын төлөнгөнүн тастыктаган документ болуп, төмөнкүлөрдө караштырылган документ эсептелет:

­ ушул Жобонун тиркемесинин 1­пунктуна ылайык каттоого өтүнмөнү берүү же автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин же ИМСТтин материалдарын депонирлөө менен бир убакта интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген;

­ ушул Жобонун тиркемесинин 2 жана 3­пункттарына ылайык автордук укук,

чектеш укуктар объектилерин же ИМСТти каттоо жөнүндө чечимди өтүнмө ээси

алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилген;

­ ушул Жобонун тиркемесинин 5 жана 6­пункттарына ылайык автордук укук,

чектеш укуктар объектилерин, ИМСТти каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн

берүү жөнүндө арызды же автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин,

ИМСТтин Мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

жөнүндө арызды берүү менен бир убакта берилген;

­ ушул Жобонун тиркемесинин 7­пунктуна ылайык автордук укук, чектеш

укуктар объектилерине же ИМСТке укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди

каттоо тууралуу арыздарды берүү менен бир убакта берилген.

6. Ушул Жобонун 3­пунктунда караштырылган жеңилдиктер автордук укук,

чектеш укуктар объектилерине жана ИМСТке укуктарды тескөө жөнүндө

келишимдерди каттоого жайылтылбайт.

Ушул Жобонун 3­пунктунда каралган жеңилдиктер, эгерде жеңилдик ушул

жыйымды төлөөдөн бошотуу болсо, жыйымды төлөгөнүн ырастаган документтин

ордуна, же эгерде жеңилдик болуп анын өлчөмүн азайтуу саналса, аталган

документ менен чогуу интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

мамлекеттик органга берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча берилет.

7. Ушул Жобонун 3­пунктуна ылайык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу же

азайтылган өлчөмдө жайымдарды төлөөгө укук берүү өтүнмө ээсинин статусун

ырастаган белгиленген үлгүдөгү документтин көчүрмөсүн бергенде жүзөгө

ашырылат.

8. Ушул Жободо белгиленген жыйымдар белгиленген тартипте

интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын

алыш­бериш эсебине тиешелүү сумманы которуу жолу менен төлөнөт.

Жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ болуп, төлөнгөндүгү жөнүндө

штампы бар төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү же накталай каражат, же өздүк

эсебинен которуу менен жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция саналат.

Жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ өтүнмөнүн катталган номерин

жана жыйым төлөнгөн аракеттин аталышын камтышы керек. Эгерде каттоо

номери али алына элек болсо аталган документ жыйым төлөнгөн аракеттин

аталышы менен катар катталган автордук укук, чектеш укуктар объектилерин же

ИМСТтин аталышын, ошондой эле автордун же өтүнмө ээсинин фамилиясын

камтышы керек.

Аталган маалыматтар жок болгон документ жараксыз болуп саналат.

Белгиленген өлчөмдө төлөнгөн жыйымга ылайык аны төлөөнүн датасы

аныкталат.

Белгиленген өлчөмдө жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ

берилбесе, ал каттоого байланышкан аракеттерди токтотууга алып келет.

9. Ушул Жободо белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүнөн жогорулап кеткен

жыйым төлөнгөндө, же болбосо жыйым төлөнүп, каралган аракеттер ишке

ашпаган учурлардан сырткары, төлөнгөн жыйым кайтарылып берилбейт.

Мындай учурларда өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча, жыйым төлөгөн

өкүлгө (адамга) жыйымдын ашыкча төлөнгөн суммасы белгиленген тартипте

кайтарылып берилет, же болбосо өтүнүч каттын ээсинин өтүнүчү боюнча ушул

Жободо каралган башка жыйымдардын эсебине чегерилет.

Автордук укук, чектеш ­ укуктар объектилерин жана ­

интегралдык ­ микросхемалардын ­

топологияларын каттоо ­ үчүн жыйымдар жөнүндө ­

жобого ­ тиркеме ­

№ Жыйымдын арналышы Жыйымдын

өлчөмү

(эсептик

көрсөткүчтөр

менен)

1 Каттоого же депонирлөөгө өтүнмөнү берүү жана кароо 30

2 Мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү жана каттоо

тууралуу күбөлүк берүү

20

3 Каттоо тууралуу ар бир кошумча күбөлүк үчүн 10

4 Каттоо тууралуу маалыматтарды жарыялоо жана каттоого

өзгөртүүлөрдү киргизүү

10

5 Каттоо тууралуу күбөлүктүн жупнускасын берүү 10

6 Мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү 20

7 Укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо, ушундай келишимдерге байланыштуу Мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана келишимдерди каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо,

төмөнкүчө:

­ бир автордук укук, чектеш укуктар объектиси же ИМСТ; 30

­ бирден көп автордук укук, чектеш укуктар объектисинин же +10 ИМСТнын ар бири үчүн