About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Finance Intangible Assets Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Law of the Kyrgyz Republic No. 24 of February 19, 2001, on Patent Attorneys (as amended up to the Decision of the Constitutional Court of the Kyrgyz Republic of January 19, 2006), Kyrgyzstan

Back
Superseded Text  Go to latest Version in WIPO Lex
Details Details Year of Version 2006 Dates Entry into force: February 28, 2001 Adopted: February 19, 2001 Type of Text IP-related Laws Subject Matter IP Regulatory Body, Industrial Property

Available Materials

Main Text(s) Related Text(s)
Main text(s) Main text(s) Kyrgyz Мыйзамы шаары, 2001-жылдын 19-февралы № 24 Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө (КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын 19-январындагы Чечими Мыйзамынын редакциясына ылайык)         Russian Закон КР № 24 от 19.02.2001 г. 'О патентных поверенных' (В редакции также Решение Конституционного суда КР от 19.01.2006 г.)        

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2001-жылдын 19-февралы N 24

Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз:

КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын 19-январындагы Чечими

I Глава
Жалпы жоболор

1-статья. Жөнгө салуу негизи

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы интеллектуалдык менчиктин объекттерин коргоо жаатында патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кесиптик иштеринин укуктук негиздерин аныктайт.

Ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы патенттик бардык өкүлдөргө, уюштуруу-укуктук формалары менен менчигинин түрлөрүнө карабастан, алардын юридикалык жактарына карата колдонулат.

2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кесиптик иштерин жөнгө салуу максатында интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлерди аттестациялоодон, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайра аттестациялоодон жана каттоодон өткөрөт, аларды жүзөгө ашыруу үчүн аттестациялык жана аппеляциялык комиссиялар түзүлөт.

Аттестациялык комиссия аттестациялык сыноо өткөрүү тартибин, сыноонун тапшырмаларын бекитет, сыноочуларды шайлайт, ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарын эске алуу менен аттестациялык сыноого киргизүү, аттестациялоо, ишин чектөө менен аттестациялоо, аттестациялабоо жана кайра аттестациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат.

Апелляциялык комиссия аттестациялануучулардын аттестациялык комиссиянын чечимдерине даттанууларын, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өздөрүнүн кесиптик милдеттерин тиешелүү түрдө аткарышпаганына байланыштуу болгон аракеттерине адамдардын даттанууларын карайт.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн иш жүргүзүүсү

Өнөр жай менчигинин объектилери менен селекциялык жетишкендиктерди коргоо документтерин алууга жана укуктук коргоого байланыштуу иштерди жүргүзүү патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жеке жактар же чет өлкөлүк юридикалык жактар, болбосо алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү өнөр жай менчигинин объектилерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоого байланыштуу иштерин, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларында башка жолдор каралбаса, анда интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого алынган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жүргүзүшөт.

II Глава
Патенттик ишенимдүү өкүл

4-статья. Патенттик ишенимдүү өкүл жөнүндөгү түшүнүк жана анын укуктук статусу

Белгиленген тартипте аттестациядан өткөн, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн Мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) каттоого алынган жана өнөр жай менчигинин объектилери менен селекциялык жетишкендиктерге укуктук коргоону алуу жана аны ишке ашыруу маселелери боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда же башка мекемелердин алдында жеке же юридикалык жактардын өкүлү болууга укук берилген жеке жак патенттик ишенимдүү өкүл болуп саналат. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн иши аттестациядан өткөн адистин жеке жана юридикалык жактын укуктарын, эркиндиктерин жана өнөр жайлык менчиктин объектилери менен селекциялык жетишкендиктерине байланыштуу болгон мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча квалификациялуу иш-аракеттерин жүзөгө ашырууну билдирет.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн кесиптик иштерин жекече ишкер катары өз алдынча же юридикалык жакты түзүү менен, жана ошондой эле жалданып иштөө менен да жүргүзө алат. Жалданып иштеген патенттик ишенимдүү өкүл бул жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүүгө милдеттүү. Патенттик ишенимдүү өкүл бул маалыматтарды Реестрде көргөзүү жана расмий бюллетенде жарыялоо үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир айлык мөөнөттүн ичинде ушул маселеге байланыштуу бардык өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты түзүшкөн патенттик ишенимдүү өкүлдөр бул маалыматты Реестрде жана расмий бюллетенде чагылдыруу үчүн бир айлык мөөнөттө бул тууралу Кыргызпатентке билдирүүгө тийиш.

5-статья. Аттестациядан өтүүчүлөргө коюлуучу талаптар

Патенттик ишенимдүү өкүл катары төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар аттестациядан, кайра аттестациядан өтүшү жана катталышы мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болушкан;

2) патенттик ишенимдүү өкүл катары иш жүргүзүү үчүн арыз берген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жана юридикалык дареги болгон;

3) жогорку билими бар;

4) өнөр жай менчигинин объектилерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган деңгээлде иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык келишимдерди билген адамдар;

5) мамлекеттик тилди өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билген.

(5-статьянын 5-пункту КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын 19-январындагы Чечимине ылайык аракетин жоготту)

Патенттик ишенимдүү өкүл катары:

1) интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволоруна кирген уюмдардын кызматкерлери;

2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишкердик иштер менен алектенүүгө тыюу салынган кызмат адамдары менен кызматкерлер аттестациядан өткөрүлбөйт.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өкүлчүлүгү

Патенттик ишенимдүү өкүл кызмат көрсөтүү боюнча аны менен келишим түзгөн ар бир адамдын кызыкчылыгын билдирүүгө укуктуу.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн иш жүргүзүүгө укуктуулугу ага өз атынан ишин жүргүзүү үчүн берген адамдын ишеним каты менен ырасталат. Кыргызпатенттин жана мамлекеттик бирдиктүү патенттик кызматтарга кирген уюмдардын алдында өкүл экендиги жөнүндөгү кардар берген ишеним кат, патенттик ишенимдүү өкүлгө жазуу жүзүндө берилет жана ал нотариустун тастыктоосун талап кылбайт.

Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган жеке жактардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын ишеним каттары ошол документти берген өлкөнүн мыйзамдарында каралган тартипте түзүлүшү керек, эгерде документтин аныктыгына шектенүү пайда болсо, аны ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жараша же жакын мамилелештиктин негизинде талап коюлбаган учурларды кошпогондо, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде ачыкка чыгарылууга тийиш.

III Глава
Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктарын алуу тартиби

7-статья. Аттестациялоо

Экзаменге ушул Мыйзамдын 5-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 13-пункттарынын талаптарына жооп берген адамдар киргизилет.

Экзамендин жүрүшүндө аттестациядан өтүүчүнүн патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишин аткарууга зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык келишимдерди билиши текшерилет.

Аттестациядан өтүүчү өзүнүн иш-аракети өнөр жай менчигинин айрым объектилери, селекциялык жетишкендиктер же кызмат көрсөтүүнүн айрым түрлөрү менен гана чектелээрин билдириши мүмкүн. Экзамен ушул чектөөлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. Чектөө жөнүндө маалыматтар Реестрде жана патенттик ишенимдүү өкүлгө берилүүчү күбөлүктө көрсөтүлөт.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн иш-аракетиндеги чектөөлөрдөн баш тартышына ушул статьяда каралган тартипте жүргүзүлгөн кошумча аттестациялоодон өткөн шартта гана жол берилет.

Аттестациядан өтүүчү аттестациялык комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, алымды төлөп, апелляциялык комиссияга 3 айлык мөөнөттүн ичинде арыздана алат. Апелляциялык комиссия арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аттестациялык комиссиянын чечимин күчүндө калтырууга, кайтадан аттестация өткөрүүгө же аттестациялык комиссиянын чечимин жокко чыгарууга укуктуу.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүккө талапкерлерди аттестациялоо, патенттик ишенимдүү өкүлчүлүккө кошумча аттестациялоо жөнүндө арыздардын түшүшүнө жараша алымды төлөнгөндө, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кайрадан аттестациялоо интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан беш жылда кеминде бир жолу аттестациялоо учурундагыдай эле тартипте өткөрүлөт.

(7-статьянын 7-бөлүгү КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын 19-январындагы Чечимине ылайык аракетин жоготту)

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартиби ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо

Сыноодон ийгиликтүү өткөн адамдар каттоого алуу жөнүндө арыз берген жана алым төлөгөн күндөн тартып бир айдын ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан каттоого алынат.

Аттестациялоо жөнүндө чечим аны кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет. Патенттик ишенимдүү өкүл кесиптик иштерин ишке ашыруу укугуна Реестрде каттоого алынган күндөн тартып ээ болот. Патенттик ишенимдүү өкүл катары ушул Мыйзамга ылайык каттоого алынбаган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында өз иш-аракетинде "патенттик ишенимдүү өкүл" деген аталыштан пайдаланууга укуктары жок.

Каттоого тиешелүү маалыматтардагы бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө, ошондой эле юридикалык жактын уставындагы өзгөртүүлөр менен толуктоолор жөнүндө патенттик ишенимдүү өкүлдөр бир айлык мөөнөттүн ичинде интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Алым төлөнгөн учурда өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө Реестрге жана патенттик ишенимдүү өкүлдүн күбөлүгүнө жазылат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоого алуунун негизинде патенттик ишенимдүү өкүлгө күбөлүк берет жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгарган расмий бюллетенде патенттик ишенимдүү өкүлдүн катталгандыгы жөнүндө маалымат жарыялайт. Күбөлүктүн формасы менен жарыялануучу маалыматтардын курамы интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

Каттоого тиешелүү бардык өзгөртүүлөр менен толуктоолор жөнүндө маалыматтар, ошондой эле юридикалык жактын уставындагы өзгөртүүлөр менен толуктоолор расмий бюллетенде жарыяланат.

10-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү Реестрден чыгаруу

Патенттик ишенимдүү өкүл интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Реестрден төмөндөгүлөрдүн негизинде чыгарылат:

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн арызынын;

- патенттик ишенимдүү өкүл Кыргыз Республикасынын жарандыгын, анын ичинде туруктуу жашаган жерин алмаштырганда (башкача айтканда бир жылдан көбүрөөк мезгилге чет мамлекетте болгондо) жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык дарегин жоготкондо, болбосо ушул Мыйзамдын 5-статьясынын экинчи бөлүгүндө аталган кырдаал түзүлгөндө;

- интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга патенттик ишенимдүү өкүл тапшырган маалыматтарда же документтерде чындыкка дал келбегендик аныкталганда;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн иши тууралу кардардын же ар кандай адамдын даттануусу каралып чыккандан кийин, анын жыйынтыгы боюнча апелляциялык комиссиянын чечиминин негизинде;

- ушул Мыйзамда каралган патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары менен милдеттеринен кыянаттык менен пайдаланган фактылардын жыйынтыгы тууралу апелляциялык комиссиянын чечимдери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кызматтык жүрүм-турум эрежелерин үзгүлтүксүз жана орой бузган учурда;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн иштерин үч жыл бою жүргүзбөгөндө;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, же мындай ишти жүргүзүүгө жол бербеген башка жазага тартылганда;

- патенттик ишенимдүү өкүл каза болгондо.

Патенттик ишенимдүү өкүл ушул статьяда каралган негиздер боюнча Реестрден чыгарылганда, анын күбөлүгү өз күчүн жоготот жана ал Кыргызпатентке тапшырылууга тийиш.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн иш-аракетин токтоткон учурда, ал бул жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө бир айдын ичинде билдирүүгө милдеттүү.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн арызынын негизинде Реестрден чыгарылган учурда же болбосо ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөндөй, туруктуу жашаган жерин алмаштырганда аны кайрадан каттоо ал акыркы жолу аттестацияланган күндөн тартып беш жыл бою аны кайрадан аттестациялоосуз жүргүзүлүшү мүмкүн.

Патенттик ишенимдүү өкүлдү Реестрден чыгаруу жөнүндө маалымат Кыргызпатент тарабынан расмий басылмаларда жарыяланат жана анда чыгаруунун себептери көрсөтүлөт.

Реестрден чыгарууга каршы соттук тартипте даттанууга болот.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

IV Глава
Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары жана милдеттери

11-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары

Патенттик ишенимдүү өкүл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тапшырманы орундатуу боюнча же ушундай эле мазмунда өзү менен келишим түзгөн ар кандай жактын кызыкчылыгын билдирүүгө укуктуу.

Патенттик ишенимдүү өкүлдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жол берген башка иштерди да жүргүзө алат.

12-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн милдеттери

Кардардын кызыкчылыктарын билдирүүчү патенттик ишенимдүү өкүл, эгерде кардардын аракеттеринде эч кандай чектен чыгуулар болбосо, ишенген тарап жагынан берилген укуктардын алкагында иш алып барууга, ишенген тараптын укуктарын бузууга жол бербөө максатында керектүү чараларды көрүүгө милдеттүү.

Патенттик ишенимдүү өкүл ага өзүнүн ишин жүргүзүп берүүсүн суранган же анын ишин кароого катышып берүүсүн суранган адамдын кызыкчылыктарына айрыкча карама-каршы келген башка адамдардын кызыкчылыктарын билдирүү же аларга консультация берүү түрүндөгү тапшырмаларды алууга, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүл ишти карай турган кызмат адамы менен туугандык жайы болсо, анын мындай тапшырмаларды алууга укугу жок.

Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тараптан материал алганда, аны алгандыгын ырастоого жана келишим боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт же ишеним каттын мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле кардардын талабы боюнча бул материалдардын түп нускасын кайтарып берүүгө милдеттүү.

Патенттик ишенимдүү өкүл мамлекеттик органда иштеген мезгилде өзүнүн кесиптик ишин токтотууга милдеттүү.

Патенттик ишенимдүү өкүл өз иш-аракетин токтоткондо, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн юридикалык жагы жоюлганда же кайрадан түзүлгөндө, патенттик ишенимдүү өкүл бул жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ишенген тарапка билдирүүгө, ошондой эле материалдарды анын ордуна келүүчү адамга өткөрүп берүү үчүн сактап турууга милдеттүү.

Юридикалык жак жоюлган же ишенген тарап дүйнөдөн кайткан учурда, алардын кызыкчылыктарын билдирип жүргөн патенттик ишенимдүү өкүл бул жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ишенген тараптын укуктук мураскоруна билдирүүгө милдеттүү.

13-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жоопкерчилиги

Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тарап менен түзгөн келишим боюнча милдеттерин квалификациясыз же сапатсыз аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк жана башка жоопкерчилик тартат.

Патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн кесиптик милдеттерин начар аткарып жаткандыгына байланыштуу ар кандай адамдардын даттанууларын, ошондой эле өзүнүн иш-аракети менен Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын талаптарын бузган учурда, аларды интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын апелляциялык комиссиясы карайт.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнө коюлган талаптарды бузган учурда, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөндөгүдөй чараларды көрүшү мүмкүн, алар:

1) эскертүү жарыялоо;

2) экзамендин жыйынтыгы канааттандырарлык болбогон учурда Реестрден чыгаруу менен аттестация дайындоо;

3) Реестрден 1 жылдык мөөнөткө убактылуу чыгарып, аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча калыбына келтирүү;

4) Реестрден чыгарып, 5 жыл катары менен аттестациядан өтүүгө укук бербөө.

14-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишин аткарууда маалыматтардын жашыруундуулугун сактоо

Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тараптын тапшырмасын аткарууга байланыштуу андан алган маалыматтар, эгерде ишенген тарап жактан атайын көрсөтмө берилбесе же анын иш-аракеттеринде эч нерсе даана байкалбаса, жашыруун деп эсептелет.

Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнүн патенттик ишенимдүү өкүлдүк ишин жүргүзүү учурунда алган жана (же) түзгөн документтердин толук сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Патенттик ишенимдүү өкүл бул документтерди же алардын көчүрмөлөрүн үчүнчү жакка берүүгө, болбосо андагы маалыматтарды кызыкчылыгы корголуп жаткан жактын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз оозеки жайылтууга укугу жок.

V Глава
Корутунду жоболор

15-статья. Алымдар

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоого, кайрадан аттестациялоого жана каттоого байланышкан, ушул Мыйзамда каралган юридикалык маанилүү иш-аракеттер үчүн тиешелүү алым алынат.

Алымдын өлчөмү жана төлөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине алым түрүндө түшкөн бардык каражаттар, анын ичинде валюталар интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан техникалык жактан жабдуу, патенттик документтерди комплекттөө фондусунун автоматташкан тутумун түзүү жана колдонуу, кадрларды даярдоо үчүн пайдаланылат.

(КР 2005-жылдын 31-мартындагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2001-жылдын 28-февралында N 17 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтиргенге чейин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген жактары колдонулат.

Ушул Мыйзам күчүнө кирерден 3 жыл мурда өткөрүлгөн аттестациялык экзамендердин жыйынтыктары жана алардын негизинде жүргүзүлгөн патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо күчүндө калат деп эсептелсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А. Акаев

 

 

 

2001-жылдын 22-январында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

 

 

ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

г.Бишкек, от 19 февраля 2001 года N 24

О патентных поверенных

(В редакции Закона КР от 31 марта 2005 года N 58)

См. также Решение Конституционного суда КР от 19 января 2006 года

Глава I
Общие положения

Статья 1. Предмет регулирования

Настоящий Закон определяет правовые основы профессиональной деятельности патентных поверенных на территории Кыргызской Республики в области охраны объектов интеллектуальной собственности.

Нормы настоящего Закона действуют на всей территории Кыргызской Республики по отношению ко всем патентным поверенным, их юридическим лицам независимо от организационно-правовых форм и форм собственности.

Статья 2. Уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности

В целях регулирования профессиональной деятельности патентных поверенных уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности проводит аттестацию кандидатов в патентные поверенные, переаттестацию и регистрацию патентных поверенных, для осуществления которых создаются аттестационная и апелляционная комиссии.

Аттестационная комиссия утверждает порядок проведения аттестационного экзамена, экзаменационные задания, назначает экзаменаторов, принимает решения о допуске к аттестационному экзамену, аттестации, аттестации с ограничением деятельности, неаттестации и переаттестации с учетом требований статьи 7 настоящего Закона.

Апелляционная комиссия рассматривает жалобы аттестуемых на решения аттестационной комиссии, а также жалобы лиц на действия патентных поверенных, связанные с ненадлежащим выполнением ими профессиональных обязанностей.

(В редакции Закона КР от 31 марта 2005 года N 58)

Статья 3. Ведение дел патентными поверенными

Ведение дел, связанных с получением охранных документов и правовой охраной объектов промышленной собственности и селекционных достижений, может осуществляться через патентных поверенных.

Физические лица, проживающие за пределами Кыргызской Республики, или иностранные юридические лица, либо их патентные поверенные, ведут дела, связанные с охраной объектов промышленной собственности, селекционных достижений, только через патентных поверенных, зарегистрированных в уполномоченном государственном органе в области интеллектуальной собственности, если иное не предусмотрено международными договорами Кыргызской Республики.

Глава II
Патентный поверенный

Статья 4. Понятие и правовой статус патентного поверенного

Патентным поверенным является физическое лицо, которое аттестовано в установленном порядке и зарегистрировано в Государственном реестре патентных поверенных Кыргызской Республики (далее - Реестр) в соответствии с требованиями настоящего Закона и которому предоставлено право на представительство физических или юридических лиц перед уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности и другими организациями по вопросам получения и осуществления правовой охраны объектов промышленной собственности и селекционных достижений. Деятельность патентного поверенного представляет собой деятельность аттестованного специалиста по осуществлению квалифицированных действий в интересах физических и юридических лиц по защите их прав, свобод и законных интересов в отношении объектов промышленной собственности и селекционных достижений.

Патентный поверенный может осуществлять свою профессиональную деятельность как самостоятельно - в качестве индивидуального предпринимателя или с образованием юридического лица, так и работая по найму. Патентный поверенный, работающий по найму, обязан представлять сведения об этом в уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности. Обо всех изменениях, связанных с этим вопросом, патентный поверенный обязан сообщать в уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности в месячный срок для отражения этой информации в Реестре и публикации в официальном бюллетене.

Патентные поверенные, создавшие юридическое лицо в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, должны в месячный срок информировать об этом уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности для отражения этой информации в Реестре и публикации в официальном бюллетене.

Статья 5. Требования, предъявляемые к аттестуемым

В качестве патентного поверенного могут быть аттестованы, переаттестованы и зарегистрированы лица, отвечающие следующим требованиям:

1) являются гражданами Кыргызской Республики;

2) имеют постоянное место жительства на территории Кыргызской Республики на момент подачи заявления и юридический адрес для осуществления деятельности в качестве патентного поверенного;

3) имеют высшее образование;

4) обладают знанием нормативных правовых актов Кыргызской Республики, международных договоров, необходимых для осуществления деятельности по защите прав на объекты промышленной собственности, селекционных достижений, в объеме, определяемом уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности;

5) обладают знанием государственного языка в объеме, необходимом для исполнения своих обязанностей.

(Действие пункта 5 статьи 5 отменено в соответствии с Решением Конституционного суда КР от 19 января 2006 года)

В качестве патентного поверенного не могут быть аттестованы:

1) работники уполномоченного государственного органа в области интеллектуальной собственности и подведомственных ему организаций;

2) должностные лица и служащие, которым в соответствии с законодательством Кыргызской Республики запрещается заниматься предпринимательской деятельностью.

(В редакции Закона КР от 31 марта 2005 года N 58)

Статья 6. Представительство патентных поверенных

Патентный поверенный полномочен представлять интересы любого лица, заключившего с ним договор на оказание услуг.

Полномочия патентного поверенного на ведение дел подтверждаются доверенностью, выданной ему лицом, от имени которого осуществляется ведение дел. Доверенность на представительство перед уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности и организациями, входящими в единую государственную патентную службу, выдается патентному поверенному доверителем в письменной форме и не требует нотариального удостоверения.

Физическими лицами, проживающими за пределами Кыргызской Республики, и иностранными юридическими лицами доверенность должна быть оформлена в порядке, предусмотренном законодательством страны происхождения документа, а в случае наличия сомнений в достоверности документа - по требованию уполномоченного государственного органа в области интеллектуальной собственности легализована в консульском учреждении Кыргызской Республики, кроме случаев, когда легализация доверенности не требуется в силу международных договоров Кыргызской Республики или на основе принципа взаимности.

Глава III
Порядок получения прав патентного поверенного

Статья 7. Аттестация

К экзамену допускаются лица, отвечающие требованиям пунктов 1-3 части первой статьи 5 настоящего Закона.

В ходе экзамена проверяется знание аттестуемыми нормативных правовых актов Кыргызской Республики, международных договоров, необходимых для осуществления деятельности патентного поверенного.

Аттестуемый может заявить об ограничении своей деятельности отдельными объектами промышленной собственности, селекционных достижений или отдельными видами услуг. Экзамен принимается с учетом этого ограничения. Сведения об ограничении вносятся в Реестр и в выдаваемое патентному поверенному свидетельство.

Отказ патентного поверенного от ограничения своей деятельности допускается при условии прохождения им дополнительной аттестации, осуществляемой в порядке, предусмотренном настоящей статьей.

В случае несогласия с решением аттестационной комиссии аттестуемый вправе в 3-месячный срок обжаловать его в апелляционную комиссию при условии уплаты пошлины. Апелляционная комиссия по результатам рассмотрения жалобы вправе оставить в силе решение аттестационной комиссии, назначить повторную аттестацию или отменить решение аттестационной комиссии.

Аттестация кандидатов в патентные поверенные, дополнительная аттестация патентных поверенных осуществляется уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности по мере поступления заявлений об аттестации при условии уплаты пошлины.

Переаттестация патентных поверенных осуществляется уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности не реже одного раза в пять лет в том же порядке, как и при аттестации.

(Действие части 7 статьи 7 отменено в соответствии с Решением Конституционного суда КР от 19 января 2006 года)

Порядок аттестации и регистрации патентных поверенных определяется уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности в соответствии с нормами, предусмотренными настоящим Законом.

(В редакции Закона КР от 31 марта 2005 года N 58)

См.:

постановление Правительства КР от 29 ноября 2011 года N 747 "Об утверждении Порядка аттестации и регистрации патентных поверенных"

Статья 8. Регистрация патентных поверенных

Лица, сдавшие экзамен с положительным результатом, в течение месяца с даты подачи заявления о регистрации и уплаты пошлины, регистрируются уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности в Реестре.

Решение об аттестации вступает в силу с момента его вынесения. Право на осуществление профессиональной деятельности патентного поверенного возникает с даты его регистрации в Реестре. Лица, не зарегистрированные в качестве патентных поверенных в соответствии с настоящим Законом, не вправе пользоваться в своей деятельности на территории Кыргызской Республики наименованием "патентный поверенный".

Обо всех изменениях и дополнениях в сведениях, относящихся к регистрации, а также изменениях и дополнениях в уставе юридического лица патентные поверенные обязаны сообщать в уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности в месячный срок. Запись об изменениях и дополнениях вносится в Реестр и в свидетельство патентного поверенного при условии уплаты пошлины.

(В редакции Закона КР от 31 марта 2005 года N 58)

Статья 9. Публикация сведений о регистрации патентных поверенных

Уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности на основании регистрации выдает патентному поверенному свидетельство и публикует информацию о регистрации патентного поверенного в издаваемом им официальном бюллетене. Форма свидетельства и состав публикуемых сведений устанавливаются уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности.

Сведения обо всех изменениях и дополнениях, относящихся к регистрации, а также изменениях и дополнениях в уставе юридического лица публикуются в официальном бюллетене.

Статья 10. Исключение из Реестра патентных поверенных

Патентный поверенный исключается уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности из Реестра на основании:

- заявления самого патентного поверенного;

- утраты патентным поверенным гражданства Кыргызской Республики, в том числе смены постоянного места жительства (то есть пребывания за границей на период более одного года) и юридического адреса на территории Кыргызской Республики либо возникновения обстоятельств, предусмотренных частью второй статьи 5 настоящего Закона;

- выявления несоответствия действительности сведений или документов, представленных патентным поверенным уполномоченному государственному органу в области интеллектуальной собственности;

- решения апелляционной комиссии по результатам рассмотрения жалобы клиента или любого лица на действия патентного поверенного;

- решения апелляционной комиссии по результатам рассмотрения фактов злоупотреблений патентным поверенным правами и обязанностями, предусмотренными настоящим Законом, систематического и грубого нарушения законодательства Кыргызской Республики и правил профессиональной этики;

- неосуществления деятельности патентного поверенного в течение трех лет;

- вступления в законную силу решения суда о запрещении заниматься деятельностью патентного поверенного или об ином наказании, исключающем возможность такой деятельности;

- смерти патентного поверенного.

При исключении патентного поверенного из Реестра по основаниям, предусмотренным настоящей статьей, его свидетельство утрачивает силу и должно быть сдано в уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности.

В случае прекращения своей деятельности патентный поверенный обязан в течение месяца в письменной форме известить об этом уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности.

В случае исключения патентного поверенного из Реестра на основании его заявления либо в случае смены постоянного места жительства, указанного в абзаце третьем части первой настоящей статьи, регистрация может быть осуществлена без переаттестации в течение пяти лет, начиная с даты его последней аттестации.

Информация об исключении патентного поверенного из Реестра публикуется уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности в официальных изданиях с указанием причин исключения.

Исключение из Реестра может быть обжаловано в судебном порядке.

(В редакции Закона КР от 31 марта 2005 года N 58)

Глава IV
Права и обязанности патентного поверенного

Статья 11. Права патентного поверенного

Патентный поверенный имеет право представлять интересы любого лица, заключившего с ним договор поручения или иной договор аналогичного содержания, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Патентные поверенные могут осуществлять и другие не запрещенные законодательством Кыргызской Республики виды деятельности.

Статья 12. Обязанности патентного поверенного

Патентный поверенный, представляющий интересы доверителя, обязан действовать в рамках предоставленных ему доверителем прав, если иное не вытекает явным образом из действий доверителя, принимать необходимые меры в целях предотвращения нарушения прав доверителя.

Патентный поверенный не вправе принимать поручение в случаях, если он по делу, являющемуся предметом поручения, представлял или консультировал лиц, интересы которых явно противоречат интересам лица, обратившегося с просьбой о ведении дела, или принимал иное участие в его рассмотрении, а также в случае рассмотрения дела должностным лицом, с которым патентный поверенный состоит в родственных отношениях.

При получении материалов от доверителя патентный поверенный обязан подтвердить данное получение и возвратить оригиналы материалов дела по истечении оговоренного срока или действия доверенности, а также по требованию доверителя.

Патентный поверенный обязан приостановить свою профессиональную деятельность на время работы в государственном органе.

В случае прекращения деятельности патентного поверенного, ликвидации или реорганизации юридического лица патентных поверенных патентный поверенный обязан известить об этом уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственности и доверителя, а также сохранить материалы дела для передачи их преемнику.

В случае ликвидации юридического лица или смерти доверителя, интересы которых представлял патентный поверенный, он обязан уведомить уполномоченный государственный орган в области интеллектуальной собственностит и правопреемников доверителя.

Статья 13. Ответственность патентного поверенного

За неквалифицированное и некачественное выполнение обязательств договора с доверителем патентный поверенный несет имущественную и иную ответственность в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.

Жалобы любых лиц, связанные с ненадлежащим выполнением патентным поверенным его профессиональных обязанностей, а также совершение им действий, нарушающих требования нормативных правовых актов Кыргызской Республики, рассматривает апелляционная комиссия уполномоченного государственного органа в области интеллектуальной собственности.

К патентному поверенному, нарушившему предъявляемые к нему требования, уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности могут быть приняты следующие меры:

1) предупреждение;

2) назначение аттестации с исключением из Реестра в случае неудовлетворительного результата экзамена;

3) временное исключение из Реестра сроком до 1 года с восстановлением по результатам аттестации;

4) исключение из Реестра без права аттестации в течение 5 лет.

Статья 14. Конфиденциальность информации при осуществлении деятельности патентного поверенного

Информация, которую патентный поверенный получает от доверителя в связи с выполнением его поручения, признается конфиденциальной, если иное специально не указано доверителем или не следует явным образом из его действий.

Патентный поверенный обязан обеспечить сохранность документов, получаемых и (или) составляемых в ходе осуществления им деятельности патентного поверенного. Патентный поверенный не вправе передавать эти документы или их копии третьим лицам либо разглашать устно содержащиеся в них сведения без письменного согласия лица, чьи интересы он представляет.

Глава V
Заключительные положения

Статья 15. Пошлины

За юридически значимые действия, связанные с аттестацией, переаттестацией и регистрацией патентных поверенных, предусмотренные настоящим Законом, взимается соответствующая пошлина.

Размеры и сроки уплаты пошлины устанавливаются Правительством Кыргызской Республики.

Все средства, поступившие на счет уполномоченного государственного органа в области интеллектуальной собственности в виде пошлины, включая валютные, используются уполномоченным государственным органом в области интеллектуальной собственности для технического оснащения, создания и применения автоматизированной системы комплектования фонда патентной документации, подготовки кадров.

(В редакции Закона КР от 31 марта 2005 года N 58)

См.:

Положение о пошлинах за патентование изобретений, полезных моделей, промышленных образцов, регистрацию товарных знаков, знаков обслуживания, наименований мест происхождения товаров, предоставление права пользования наименованиями мест происхождения товаров (утверждено постановлением Правительства КР от 12 июня 1998 года N 346)

Статья 16. Порядок введения в действие настоящего Закона

Настоящий Закон вступает в силу со дня опубликования.

Опубликован в газете "Эркин Тоо" от 28 февраля 2001 года N 17

Правительству Кыргызской Республики привести свои нормативные правовые акты в соответствие с настоящим Законом.

До приведения законодательства Кыргызской Республики в соответствие с настоящим Законом применяются нормативные правовые акты Кыргызской Республики в той части, в которой они не противоречат настоящему Закону.

Результаты аттестационных экзаменов и совершенные на их основе регистрации патентных поверенных, проведенные не ранее 3 лет со дня вступления в силу настоящего Закона, считать сохранившими силу.

 

Президент Кыргызской Республики

 

А.Акаев

 

 

 

Принят Законодательным собранием Жогорку Кенеша Кыргызской Республики

 

22 января 2001 года

 

 


Legislation Supersedes (2 text(s)) Supersedes (2 text(s)) Is superseded by (1 text(s)) Is superseded by (1 text(s))
No data available.

WIPO Lex No. KG190