Тиркеме
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө
ЖОБО
1. Ушул Жобо "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө", "Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган автордук укук объектилерин, анын ичинде электрондук-эсептөө машиналары үчүн программаларды, маалыматтар базаларын (мындан ары - автордук укук объектилерин), чектеш укуктар жана интегралдык микросхемалардын топологияларын (мындан ары - ИМСТ), ошондой эле ушул укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо менен байланышкан аракеттер үчүн жыйымдарды төлөөнүн өлчөмдөрүн, тартибин жана мөөнөттөрүн белгилейт.
2. Ушул Жобонун тиркемесине ылайык жыйымдардын өлчөмдөрү эсептик көрсөткүчтөр менен белгиленет жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен төлөнөт.
3. Автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин же ИМСТтин бирден бир автору болуп саналган, өзүнүн атына каттоо жөнүндө күбөлүк сураган жакка же укук ээсине жыйымдарды төлөө боюнча төмөндөгүдөй жеңилдиктер берилет:
а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңештирилген адамдар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, 1-топтогу майыптыгы бар адамдар - жыйымдарды төлөөдөн бошотулат;
б) жеке жактар жашаган жерине карабастан - ушул Жободо белгиленген жыйымдардын өлчөмүнөн 10 пайыз төлөшөт.
4. Эгерде өзүнүн атына каттоо жөнүндө күбөлүк сураган өтүнмө ээлери бир нече болсо, анда тиешелүү жеңилдик тарифи бардык өтүнмө ээлери ушул Жобонун 3-пунктунда аталган жактардын кайсыл бир категориясына таандык болгон учурда гана колдонулат.
5. Жыйымдын төлөнгөнүн тастыктаган документ болуп, төмөнкүлөрдө караштырылган документ эсептелет:
- ушул Жобонун тиркемесинин 1-пунктуна ылайык каттоого өтүнмөнү берүү же автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин же ИМСТтин материалдарын депонирлөө менен бир убакта интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген;
- ушул Жобонун тиркемесинин 2 жана 3-пункттарына ылайык автордук укук, чектеш укуктар объектилерин же ИМСТти каттоо жөнүндө чечимди өтүнмө ээси алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилген;
- ушул Жобонун тиркемесинин 5 жана 6-пункттарына ылайык автордук укук, чектеш укуктар объектилерин, ИМСТти каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн берүү жөнүндө арызды же автордук укук, чектеш укуктар объектилеринин, ИМСТтин Мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө арызды берүү менен бир убакта берилген;
- ушул Жобонун тиркемесинин 7-пунктуна ылайык автордук укук, чектеш укуктар объектилерине же ИМСТке укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо тууралуу арыздарды берүү менен бир убакта берилген.
6. Ушул Жобонун 3-пунктунда караштырылган жеңилдиктер автордук укук, чектеш укуктар объектилерине жана ИМСТке укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоого жайылтылбайт.
Ушул Жобонун 3-пунктунда каралган жеңилдиктер, эгерде жеңилдик ушул жыйымды төлөөдөн бошотуу болсо, жыйымды төлөгөнүн ырастаган документтин ордуна, же эгерде жеңилдик болуп анын өлчөмүн азайтуу саналса, аталган документ менен чогуу интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча берилет.
7. Ушул Жобонун 3-пунктуна ылайык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу же азайтылган өлчөмдө жайымдарды төлөөгө укук берүү өтүнмө ээсинин статусун ырастаган белгиленген үлгүдөгү документтин көчүрмөсүн бергенде жүзөгө ашырылат.
8. Ушул Жободо белгиленген жыйымдар белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине тиешелүү сумманы которуу жолу менен төлөнөт.
Жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ болуп, төлөнгөндүгү жөнүндө штампы бар төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү же накталай каражат, же өздүк эсебинен которуу менен жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция саналат.
Жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ өтүнмөнүн катталган номерин жана жыйым төлөнгөн аракеттин аталышын камтышы керек. Эгерде каттоо номери али алына элек болсо аталган документ жыйым төлөнгөн аракеттин аталышы менен катар катталган автордук укук, чектеш укуктар объектилерин же ИМСТтин аталышын, ошондой эле автордун же өтүнмө ээсинин фамилиясын камтышы керек.
Аталган маалыматтар жок болгон документ жараксыз болуп саналат.
Белгиленген өлчөмдө төлөнгөн жыйымга ылайык аны төлөөнүн датасы аныкталат.
Белгиленген өлчөмдө жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастаган документ берилбесе, ал каттоого байланышкан аракеттерди токтотууга алып келет.
9. Ушул Жободо белгиленген төлөмдөрдүн өлчөмүнөн жогорулап кеткен жыйым төлөнгөндө, же болбосо жыйым төлөнүп, каралган аракеттер ишке ашпаган учурлардан сырткары, төлөнгөн жыйым кайтарылып берилбейт.
Мындай учурларда өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча, жыйым төлөгөн өкүлгө (адамга) жыйымдын ашыкча төлөнгөн суммасы белгиленген тартипте кайтарылып берилет, же болбосо өтүнүч каттын ээсинин өтүнүчү боюнча ушул Жободо каралган башка жыйымдардын эсебине чегерилет.
|
|
Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобого |
№ |
Жыйымдын арналышы |
Жыйымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен) |
1 |
Каттоого же депонирлөөгө өтүнмөнү берүү жана кароо |
30 |
2 |
Мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизүү жана каттоо тууралуу күбөлүк берүү |
20 |
3 |
Каттоо тууралуу ар бир кошумча күбөлүк үчүн |
10 |
4 |
Каттоо тууралуу маалыматтарды жарыялоо жана каттоого өзгөртүүлөрдү киргизүү |
10 |
5 |
Каттоо тууралуу күбөлүктүн жупнускасын берүү |
10 |
6 |
Мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү |
20 |
7 |
Укуктарды тескөө жөнүндө келишимдерди каттоо, ушундай келишимдерге байланыштуу Мамлекеттик реестрге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана келишимдерди каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо, төмөнкүчө: |
|
- бир автордук укук, чектеш укуктар объектиси же ИМСТ; |
30 | |
- бирден көп автордук укук, чектеш укуктар объектисинин же ИМСТнын ар бири үчүн |
+10 |