About Intellectual Property IP Training Respect for IP IP Outreach IP for… IP and... IP in... Patent & Technology Information Trademark Information Industrial Design Information Geographical Indication Information Plant Variety Information (UPOV) IP Laws, Treaties & Judgements IP Resources IP Reports Patent Protection Trademark Protection Industrial Design Protection Geographical Indication Protection Plant Variety Protection (UPOV) IP Dispute Resolution IP Office Business Solutions Paying for IP Services Negotiation & Decision-Making Development Cooperation Innovation Support Public-Private Partnerships AI Tools & Services The Organization Working with WIPO Accountability Patents Trademarks Industrial Designs Geographical Indications Copyright Trade Secrets WIPO Academy Workshops & Seminars IP Enforcement WIPO ALERT Raising Awareness World IP Day WIPO Magazine Case Studies & Success Stories IP News WIPO Awards Business Universities Indigenous Peoples Judiciaries Genetic Resources, Traditional Knowledge and Traditional Cultural Expressions Economics Finance Intangible Assets Gender Equality Global Health Climate Change Competition Policy Sustainable Development Goals Frontier Technologies Mobile Applications Sports Tourism PATENTSCOPE Patent Analytics International Patent Classification ARDI – Research for Innovation ASPI – Specialized Patent Information Global Brand Database Madrid Monitor Article 6ter Express Database Nice Classification Vienna Classification Global Design Database International Designs Bulletin Hague Express Database Locarno Classification Lisbon Express Database Global Brand Database for GIs PLUTO Plant Variety Database GENIE Database WIPO-Administered Treaties WIPO Lex - IP Laws, Treaties & Judgments WIPO Standards IP Statistics WIPO Pearl (Terminology) WIPO Publications Country IP Profiles WIPO Knowledge Center WIPO Technology Trends Global Innovation Index World Intellectual Property Report PCT – The International Patent System ePCT Budapest – The International Microorganism Deposit System Madrid – The International Trademark System eMadrid Article 6ter (armorial bearings, flags, state emblems) Hague – The International Design System eHague Lisbon – The International System of Appellations of Origin and Geographical Indications eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Mediation Arbitration Expert Determination Domain Name Disputes Centralized Access to Search and Examination (CASE) Digital Access Service (DAS) WIPO Pay Current Account at WIPO WIPO Assemblies Standing Committees Calendar of Meetings WIPO Webcast WIPO Official Documents Development Agenda Technical Assistance IP Training Institutions COVID-19 Support National IP Strategies Policy & Legislative Advice Cooperation Hub Technology and Innovation Support Centers (TISC) Technology Transfer Inventor Assistance Program WIPO GREEN WIPO's Pat-INFORMED Accessible Books Consortium WIPO for Creators WIPO Translate Speech-to-Text Classification Assistant Member States Observers Director General Activities by Unit External Offices Job Vacancies Procurement Results & Budget Financial Reporting Oversight
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Laws Treaties Judgments Browse By Jurisdiction

Decision of the Government of Kyrgyz Republic No. 118 of July 9, 2010, on Approval of the Rules for the Registration of Assignment Agreements and Licensing Agreements of Industrial Property Rights and Selective Breeding Achievements, and Technology Transfer Agreements, Kyrgyzstan

Back
Superseded Text  Go to latest Version in WIPO Lex
Details Details Year of Version 2010 Dates Entry into force: July 16, 2010 Adopted: July 9, 2010 Type of Text Implementing Rules/Regulations Subject Matter Patents (Inventions), Utility Models, Trademarks, Trade Names, Plant Variety Protection, IP Regulatory Body, Industrial Property

Available Materials

Main Text(s) Related Text(s)
Main text(s) Main text(s) Russian Постановление ВП КР № 118 от 09.07.2010 г. 'Об утверждении Правил регистрации договора об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионного договора о предоставлении права на их использование, договора о передаче технологии'         Kyrgyz КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы № 118 'Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу' токтому        
КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы № 118 "Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2010-жылдын 9-июлу № 118

Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамын, «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө»,
«Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө», «Фирмалык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун тиркелген эрежелери бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р. Отунбаева

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9- июлундагы
№ 118 токтому менен бекитилген

Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун эрежелери

I. Жалпы жоболор
1. Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоонун ушул эрежелери (мындан кийин - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамына, «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө», «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
Кыргызпатентте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ойлоп табуулардын мамлекеттик реестринде, Пайдалуу моделдердин мамлекеттик реестринде, Өнөр жайлык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестринде, Товардык белгилер жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестринде жана Селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо документинен четтөө келишими, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим катталууга тийиш.
Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим Кыргызпатентте тараптардын макулдашуусу боюнча катталат.
Бул Эрежелер сублицензиялык келишимдерди каттоодо да колдонулат.
2. Негизги түшүнүктөр жана кыскартуулар.
Бул Эрежелерде пайдаланылган түшүнүктөр жана кыскартуулар төмөнкүдөй мааниде колдонулат:

Кыргызпатент

-

Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы;

ИМБДУ

-

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму;

Өнөр жайлык менчик объекти

-

Ойлоп табуу, өнөр жайлык үлгү, пайдалуу модель, товардык белги, тейлөө белгиси;

Реестр

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жайлык менчик, селекциялык жетишкендиктер объекттеринин реестрлери;

Коргоо документи

-

Патент, өтүнүүчүнүн жоопкерчилигиндеги патент, күбөлүк;

Технология

-

Ноу-хау, комплекстүү ишкердик лицензия (франчайзинг), консалтинг кызматы, инжиниринг, лизинг, опциялык

макулдашуулар сыяктуу кызмат көрсөтүү;

Келишим

-

Өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке коргоо документинен четтөө жөнүндө келишим (өткөрүп берүү акты), аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим;

Технологияларды

-

Технологияларды пайдалануу укугунан четтөө өткөрүп берүү жөнүндө келишим жана лицензиялык келишим; жөнүндө келишим

Сублицензиялык келишим

-

Үчүнчү жактарга өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди жана технологияларды пайдаланууга лицензиаттын укук бериши;

Лицензиар

-

Өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке жана технологияларга укук ээси;

Лицензиат

-

Өнөр жайлык менчик объекттин, селекциялык жетишкендикти технологияларды пайдалана турган жеке же юридикалык жак;

Өтүнүүчү

-

Өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке, технологияларга укук ээси же келишим түзүүчү тараптардын бири;

Арыз

-

Өнөр жайлык менчик объектине, селекциялык жетишкендикке коргоо документинен четтөө жөнүндө (өткөрүп берүү актысы) келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо жөнүндө арыз;

Өтүнмө

-

Келшиимди каттоо жөнүндө арызга тиркелүүчү документтердин комплекти;

«ROMARIN»

-

Товардык белгилерди эл аралык каттоонун маалыматтар базасы.

II. Келишимди каттоо үчүн берилүүчү документтер
3. Кыргызпатентте келишимди каттоо үчүн арыз ушул Эрежелерге карата 1- тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча мамлекеттик же расмий тилде, бир нускада берилет. Чет өлкөлүк аттары жана ишканалардын аталыштары кыргыз же орус транслитерацияда көрсөтүлөт.
Арызга коргоо документинин бардык ээлери же ыйгарым укуктары тийиштүү түрдө таризделген алардын өкүлдөрү кол коет.
4. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) документ чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн келишим (түп нуска) же анын нускасы (түп нуска), үч нускада (алардын ичинен экөө көчүрмөлөрү).
Келишим төмөнкүдөй негизги шарттарды камтышы керек:
- берилүүчү укуктардын көлөмү;
- укук берилүүчү аймакты;
- келишимдин мөөнөтүнүн күчү;
- келишимдердин тараптарын жана алардын юридикалык даректерин көрсөтүү;
- тараптар зарыл деп эсептеген башка шарттар.
Товардык белгиге карата лицензиялык келишим лицензиаттын товарынын сапаты лицензиардын товарынын сапатынан кем болбошун жана лицензиар ушул шартты аткаргандыгын контролдогон шартты камтышы керек;
2) коргоо документинин түп нускасы (экинчи нускасы).
Эгер коргоо документин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, тийиштүү Реестрден көчүрмө көрсөтүлөт.
Эл аралык товардык белгиге карата келишимди каттоодо ИМБДУнун Товардык белгилеринин эл аралык реестринен көчүрмө көрсөтүлөт;
3) келишимди каттоо үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ.
Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, арыз каралбайт;
4) укук ээсинин мураскору же укук мураскору болуп эсептелинген өтүнүүчүнүн укугун тастыктаган тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү;
5) эгер укук ээси тарабынан келишимди каттоо боюнча иш жүргүзүү үчүн өкүл дайындалса, документ чыгарылган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;
6) сублицензиялык келишимди каттоодо тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн негизги келишимдин түп нускасы же анын көчүрмөсү.
5. Документтер мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Эгер документтер башка тилде берилсе, аларга мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелет. Чет өлкөлүк аттары жана ишканалардын аталыштары орус же кыргыз транслитерацияда көрсөтүлүшү керек. Котормонун тактыгына өтүнүүчү жооптуу.
6. Арыз жана ага тиркелүүчү документтер Кыргызпатентке түздөн-түз же почта аркылуу берилет.
III. Келишимди карап чыгуу жана каттоо
7. Кыргызпатентке арыз түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде өтүнмөдө зарыл документтердин бар экендиги жана бул Эрежелерде караштырылган алардын таризделишине талаптардын сакталышы текшерилет.
8. Келишимди карап чыгуу өтүнмөнү берген күндөн тартып эки айдын ичинде жүргүзүлөт. Зарыл документтер бир убакта берилбеген учурда, өтүнмөнүн берилген күнү болуп акыркысынын келип түшкөн күнү эсептелет.
9. Эгер өтүнмөнү жана келишимди карап чыгуунун жүрүшүндө документтер ушул Эрежелерде караштырылган талаптарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен берилгендиги аныкталса, Кыргызпатент өтүнүүчүгө сурам жиберет, анда сурам алган күндөн тартып эки айдын ичинде белгиленген жетишпегендиктерди четтетүү зарылчылыгы көрсөтүлөт. Мында документтерди берүүнүн жана келишимди карап чыгуунун мөөнөтү убактылуу узартылат, анын ичинде өтүнүүчү белгиленген жетишпегендиктерди четтетет.
Сурам үчүн негиз болуп, негизинен бул Эрежелерде каралган документтердин биринин өтүнмөдө жок экендиги эсептелет.
10. Өтүнүүчүнүн сурам жиберилген материалдарды берүү мөөнөтү тийиштүү өтүнүч кат бергенде жана белгиленген өлчөмдө мөөнөттү узартуу үчүн алым төлөгөндө узартылат. Мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч кат өтүнүүчү сурам алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.
Белгиленген мөөнөттө сурам жиберилген материалдарды же аларды карап чыгуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнүч катын бербесе, келишим боюнча иш жүргүзүү токтотулат. Өтүнүүчүгө келишимдин эки нускасы жана коргоо документи кайтарылып берилет. Иш жүргүзүү материалдары менен келишимдин бир нускасы (түп нуска) Кыргызпатентте калат.
Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишим Кыргызпатентте арызды жана аны каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бергенден кийин катталат.
Технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо бул Эрежелердин III бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Мында технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин күчүнө кириши тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
11. Берилген документтер бул Эрежелердин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келгенде келишимди каттоо жөнүндө корутунду чыгарылат.
Корутундунун негизинде Кыргызпатент келишимди каттоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Келишимде бирине-бири каршы келүүчү жоболор же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген жоболор аныкталган жана тараптар аларды четтетүүдөн баш тарткан учурда Кыргызпатент келишимди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
IV. Катталган келишимге өзгөртүүлөрдү каттоо
12. Лицензиялык келишимге карата төмөнкүдөй өзгөртүүлөр катталат:
- тараптардын аныктамалары;
- келишимдин предмети;
- колдонуу мөөнөтү;
- колдонуу аймагы;
- берилүүчү укуктардын көлөмү.
Тараптардын макулдашуусу боюнча келишимдин башка өзгөртүүлөрү да катталышы мүмкүн.
13. Келишимдеги өзгөртүүлөрдү Кыргызпатентте каттоодон өткөрүүнү сактабоо алардын жараксыз экендигине алып келет.
14. Катталган келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоо жөнүндө арыз өтүнүүчү тарабынан бул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- келишим (түп нуска) же үч нускада (алардын экөө көчүрмөлөрү), катталган келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тараптардын макулдашуусун тастыктаган документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсү;
- келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү каттоо жөнүндө жазууларды киргизүү үчүн коргоо документинин түп нускасы (экинчи нускасы);
- катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алымды төлөгөндүгүн тастыктаган документ.
Киргизилген өзгөртүүлөрдү каттоо бул Эрежелердин III бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
Катталган өзгөртүүлөр келишимге тиркелет.
15. Эгер өзгөртүүлөр келишимдин тараптарынын аныктамаларына тийиштүү болсо, Кыргызпатент берилген маалыматтардын туура экендигине жана/же аныктыгына шектенсе, өтүнүүчүдөн зарыл болгон документтерди суроого укуктуу.
V. Катталган келишим жана катталган өзгөртүүлөр боюнча иш жүргүзүү тартиби
16. Кыргызпатент ачык жарыялангандан кийинки жалпы мүнөздөгү маалыматтардан тышкары, катталуучу келишимдердин маалыматтарынын жана түзүүнүн шарттарынын жашырындуулугун камсыз кылат.
Катталган келишимдин бир нускасы (түп нуска) контролдук нуска болуп эсептелет жана Кыргызпатентте сакталат.
17. Катталган келишим, ошондой эле катталган өзгөртүүлөр боюнча
Кыргызпатент:
- келишимдин (өзгөртүүлөрдүн) акыркы барагынын арткы бетине каттоо номурун көрсөтүү менен каттоо датасы, келишимдин жана анын тиркемелеринин барактарынын саны жөнүндө штампын коет. Каттоо номуру келишимдин объекти жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт: каттоо номуру, катталган жылы, келишимдин түрү жана категориясы;
- өтүнүүчүнүн (өкүлдүн) дарегине каттоо жөнүндө белгиси менен келишимдин (өзгөртүүлөрдүн) эки нускасынын тиркемеси бар келишимди (өзгөртүүлөрдү) каттоо жөнүндө чечимди жиберет;
- Реестрге жана коргоо документине катталган келишим же катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- Кыргызпатенттин расмий бюллетенине катталган келишимдер жана катталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар төмөнкүдөй көлөмдө жарыяланат: берилүүчү укуктардын көлөмү, келишимдин предмети, тараптардын аныктамасы, колдонуу аймагы, колдонуу мөөнөтү, алардын колдонуу мөөнөтүнөн мурда токтотуу же мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтар.
Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди
коргоо документинен четтөө келишимин, аларды
пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди
каттоонун эрежелерине
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы
(Кыргызпатент)
720021, Кыргыз Республикасы
Бишкек ш., Москва көч., 62


(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) Дареги
Телефону
АРЫЗ


(берилүүчү укуктун көлөмү)
укук берилүүчү


(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана анын дареги)
менен

ортосунда



(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана анын дареги) (келишимдин предмети)

каттоону суранам. (келишимдин түрү жана аталышы)

Тиркелүүчү документтер (керектүүлөрүн [х] менен белгилөө керек):
[ ] - нускада баракта № тиркемелери менен барактан турган келишим;
[ ] - өнөр жайлык менчик объектине патенттин (өтүнүчүнүн жоопкерчилигиндеги патент) же күбөлүктүн түп нускасы. Өнөр жайлык менчик объекттин, селекциялык жетишкендиктерди каттоо жөнүндө реестрден көчүрмө;
[ ] - келишимди каттагандыгы үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документ;
[ ] - мураскорлук же укук мураскорлукка укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү;
[ ] - иш жүргүзүү үчүн ишеним кат;
[ ] - негизги келишим (сублицензиялык келишимди каттаган учурда).
Өтүнүүчү (лөр)


(кызмат орду, аты-жөнү, колу) (мөөрдүн орду)
Дата
Өнөр жайлык менчик объекттерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо
документинен четтөө келишимин, аларды пайдаланууга укук берүү
жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди
каттоонун эрежелерине
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы
(Кыргызпатент)
720021, Кыргыз Республикасы
Бишкек ш., Москва көч., 62


(аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) Дареги
Телефону
АРЫЗ
Кыргыз патентте
катталган,
лицензиялык келишимге карата өзгөртүүлөрдү каттоону суранам.
Тиркелүүчү документтер (керектүүлөрүн [х] менен белгилөө керек):
[ ] - өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө келишимдин тараптарынын макулдугун тастыктаган документ:
[ ] - өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым төлөгөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсү;
[ ] - иш жүргүзүү үчүн ишеним кат.
Өтүнүүчү (лөр)


(кызмат орду, аты-жөнү, колу) (мөөрдүн орду)
Датасы

Постановление ВП КР № 118 от 09.07.2010 г. 'Об утверждении Правил регистрации договора об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионного договора о предоставлении права на их использование, договора о передаче технологии'

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ

от 9 июля 2010 года № 118

Об утверждении Правил регистрации договора об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионного договора о предоставлении права на их использование,

договора о передаче технологии

В целях реализации Патентного закона Кыргызской Республики, законов Кыргызской Республики «О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров», «О правовой охране селекционных достижений», «О фирменных наименованиях» и в соответствии с Законом Кыргызской Республики «О нормативных правовых актах Кыргызской Республики» Временное Правительство Кыргызской Республики
ПОСТАНОВЛЯЕТ:
1. Утвердить прилагаемые Правила регистрации договора об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионного договора о предоставлении права на их использование, договора о передаче технологии.
2. Настоящее постановление вступает в силу со дня официального опубликования.

Председатель Р. Отунбаева

Утверждены постановлением Временного Правительства Кыргызской Республики
от 9 июля 2010 года №
118

Правила

регистрации договора об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионного

договора о предоставлении права на их использование, договора о передаче технологии

I. Общие положения
1. Настоящие Правила регистрации договора об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионного договора о предоставлении права на их использование, договора о передаче технологии (далее - Правила) разработаны в соответствии с Гражданским кодексом Кыргызской Республики, Патентным законом Кыргызской Республики, законами Кыргызской Республики «О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров», «О правовой охране селекционных достижений».
Регистрации в Кыргызпатенте в соответствии с законодательством Кыргызской Республики подлежит договор об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение и лицензионный договор о предоставлении права на его использование, зарегистрированные в Государственном реестре изобретений, Государственном реестре полезных моделей, Государственном реестре промышленных образцов, Государственном реестре товарных знаков и знаков обслуживания и Государственном реестре селекционных достижений.
Договор о передаче технологии может быть зарегистрирован по соглашению сторон в Кыргызпатенте.
Настоящие Правила применяются также при регистрации сублицензионного договора.
2. Основные понятия и сокращения.
Понятия и сокращения, использованные в настоящих Правилах, применяются в следующем значении:

Кыргызпатент

-

Государственная служба интеллектуальной собственности Кыргызской Республики

ВОИС

-

Всемирная организация интеллектуальной собственности

Объект промышленной собственности

-

Изобретение, промышленный образец, полезная модель, товарный знак, знак обслуживания

Реестр

-

Реестры объектов промышленной собственности, селекционных достижений Кыргызской Республики

Охранный документ

-

Патент, патент под ответственность заявителя, свидетельство

Технология

-

Ноу-хау, комплексная предпринимательская лицензия (франчайзинг), консалтинговые услуги, оказание услуг типа инжиниринг, лизинг, опционные соглашения

Договор

-

Договор (передаточный акт) об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионный договор о предоставлении права на их использование

Договор о передаче технологии

-

Договор об уступке права и лицензионный договор на использование технологии

Сублицензионный договор

-

Предоставление лицензиатом прав на использование объекта промышленной собственности, селекционное достижение и технологию третьим лицам

Лицензиар

-

Обладатель прав на объект промышленной собственности, селекционное достижение, технологию

Лицензиат

-

Физическое или юридическое лицо, использующее объект промышленной собственности, селекционное достижение, технологию

Заявитель

-

Обладатель прав на объект промышленной собственности, селекционное достижение, технологию, либо одна из сторон, заключающих договор

Заявление

-

Заявление о регистрации договора (передаточного акта) об уступке охранного документа на объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионного договора о предоставлении права на их использование, договора о передаче права на технологию

Заявка

-

Комплект документов, прилагаемых к заявлению о регистрации договора

«ROMARIN»

-

База данных международной регистрации товарных знаков

II. Документы, предоставляемые для регистрации договора
3. Для регистрации договора в Кыргызпатенте должно быть представлено заявление по форме, приведенной в приложении 1 к настоящим Правилам, на государственном или официальном языке в одном экземпляре. Иностранные имена и наименования предприятий должны быть указаны в кыргызской или русской транслитерации.
Заявление подписывается всеми владельцами охранного документа или их представителем, полномочия которого оформлены надлежащим образом.
4. К заявлению должны быть приложены следующие документы:
1) договор (оригинал) или выписка из него, заверенные по законодательству страны происхождения документа, в трех экземплярах (два из которых могут быть копии).
Договор должен включать следующие основные условия:
- объем передаваемых прав;
- территорию, на которую передается право;
- срок действия договора;
- указания сторон договора и их юридических адресов;
- другие условия, которые стороны сочтут необходимыми.
Лицензионный договор в отношении товарного знака должен содержать условие о том, что качество товаров лицензиата будет не ниже качества товаров лицензиара, и лицензиар будет осуществлять контроль за выполнением этого условия;
2) подлинник (дубликат) охранного документа.
В исключительных случаях, если невозможно представить охранный документ, представляется выписка из соответствующего Реестра.
При регистрации договора в отношении международного товарного знака представляется выписка из Международного реестра товарных знаков ВОИС;
3) документ, подтверждающий уплату пошлины за регистрацию договора.
При непредставлении вместе с заявлением документа, подтверждающего уплату пошлины в установленном размере, рассмотрение заявления не производится;
4) копия документа, заверенного надлежащим образом, подтверждающего право заявителя, являющегося наследником или правопреемником правообладателя;
5) доверенность, оформленная в установленном порядке, в соответствии с законодательством страны происхождения документа, если правообладателем для ведения дел по регистрации договора назначен представитель;
6) оригинал основного договора или его копия, заверенная надлежащим образом, в случае регистрации сублицензионного договора.
5. Документы подаются на государственном или официальном языке. Если документы представлены на другом языке, к ним прилагается их перевод на государственный или официальный язык. Иностранные имена и наименования предприятий должны быть указаны в русской или кыргызской транслитерации. Ответственность за точность перевода несет заявитель.
6. Заявление и прилагаемые к нему документы подаются в Кыргызпатент непосредственно или направляются почтой.
III. Рассмотрение и регистрация договора
7. В течение десяти рабочих дней с даты поступления заявления в Кыргызпатент проверяется комплектность заявки на наличие необходимых документов и соблюдение требований к их оформлению, предусмотренных настоящими Правилами.
8. Рассмотрение договора производится в течение двух месяцев со дня подачи заявки. В случае неодновременного представления необходимых документов, днем подачи заявки считается день поступления последнего из них.
9. Если в процессе рассмотрения заявки и договора установлено, что документы поданы с нарушением требований настоящих Правил и законодательства Кыргызской Республики, Кыргызпатент направляет заявителю запрос, в котором указывает на необходимость устранения выявленных недостатков в течение двух месяцев со дня получения запроса. При этом сроки представления документов и рассмотрения договора продлеваются на время, в течение которого заявитель устраняет выявленные недостатки.
Основанием для запроса, в частности, является отсутствие в заявке одного из документов, предусмотренных настоящими Правилами.
10. Срок представления заявителем запрашиваемых материалов может быть продлен при подаче соответствующего ходатайства и уплате пошлины за продление срока в установленном размере. Ходатайство о продлении срока представляется в течение двух месяцев с даты получения заявителем запроса.
В случае непредставления в указанный срок запрашиваемых материалов или ходатайства о продлении срока их рассмотрения, делопроизводство по договору прекращается. Заявителю возвращаются два экземпляра договора и охранный документ. Один экземпляр договора (оригинал) с материалами делопроизводства остается в Кыргызпатенте.
Договор о передаче технологии может быть зарегистрирован в Кыргызпатенте после подачи заявления и представления документов, необходимых для его регистрации.
Регистрация договора о передаче технологии производится в соответствии с требованиями раздела III настоящих Правил. При этом вступление договора о передаче технологии в силу определяется по соглашению сторон.
11. При соответствии представленных документов требованиям настоящих Правил и законодательства Кыргызской Республики выносится заключение о регистрации договора.
На основании заключения Кыргызпатент принимает решение о регистрации договора.
В случае выявления в договоре взаимоисключающих положений или положений, противоречащих законодательству Кыргызской Республики, и при отказе сторон в их устранении, Кыргызпатент принимает решение об отказе в регистрации договора.
IV. Регистрация изменений в зарегистрированный договор
12. Подлежат регистрации изменения лицензионного договора, в частности, в отношении:
- определения сторон;
- предмета договора;
- срока действия;
- территории действия;
- объема передаваемых прав.
По соглашению сторон могут быть зарегистрированы и иные изменения договора.
13. Несоблюдение регистрации в Кыргызпатенте изменений договора влечет их недействительность.
14. Заявление о регистрации изменений, внесенных в зарегистрированный договор, подается заявителем по форме, приведенной в приложении 2 к настоящим Правилам.
К заявлению прилагаются:
- договор (оригинал) или выписка из него (оригинал), заверенная по законодательству страны происхождения документа, подтверждающего соглашение сторон о внесении соответствующих изменений в зарегистрированный договор, в трех экземплярах (два из которых могут быть копии);
- подлинник (дубликат) охранного документа для внесения в него записи о регистрации внесения изменения в договор;
- документ, подтверждающий уплату пошлины за внесение изменений в зарегистрированный договор.
Регистрация внесенных изменений производится в соответствии с требованиями раздела III настоящих Правил.
Зарегистрированные изменения подшиваются к договору.
15. В случае, если изменения касаются определения сторон договора, Кыргызпатент, при наличии обоснованных сомнений в правильности и/или достоверности представленных сведений, вправе запросить у заявителя необходимые документы.
V. Порядок ведения дел по зарегистрированному договору и зарегистрированным изменениям
16. Кыргызпатент обеспечивает конфиденциальность сведений и условий заключения регистрируемых договоров, кроме сведений общего характера, после их открытой публикации.
Один экземпляр зарегистрированного договора (оригинал) является контрольным экземпляром и хранится в Кыргызпатенте.
17. По зарегистрированному договору, а также зарегистрированным изменениям в него, Кыргызпатент:
- проставляет на оборотной стороне последнего листа договора (изменений) штамп о его регистрации с указанием регистрационного номера, даты регистрации, количества листов договора (изменений) и его приложений. Регистрационный номер включает сведения об объекте договора: номер регистрации, год регистрации, вид и категорию договора;
- направляет в адрес заявителя (представителя) решение о регистрации договора (изменений) с приложением двух экземпляров договора (изменений) с отметкой о регистрации;
-вносит сведения о зарегистрированном договоре или зарегистрированных изменениях в Реестр и в охранный документ;
- публикует в официальном бюллетене Кыргызпатента данные о зарегистрированных договорах и зарегистрированных изменениях к ним в следующем объеме: объем передаваемых прав, предмет договора, определение сторон, территория действия, срок действия, сведения о досрочном прекращении или продлении срока их действия.
Приложение 1 к Правилам регистрации договора об уступке
охранного документа на
объект промышленной собственности, селекционное достижение, лицензионного договора о предоставлении права на их использование, договора о передаче технологии
Государственная служба интеллектуальной собственности Кыргызской Республики
(Кыргызпатент)
720021, Кыргызская Республика г. Бишкек, ул. Московская, 62

(Ф.И.О. или наименование юридического лица)

Адрес Телефон

Заявление
Прошу зарегистрировать (вид и наименование договора)
на

(предмет договора)


между

(Ф.И.О. или наименование юридического лица и его адрес)
и

, (Ф.И.О. или наименование юридического лица и его адрес)

которому передается право на

.

(объем передаваемых прав)
Прилагаемые документы (нужное отметить [x]):
[ ] - договор на листах с приложениями № на листах в экземплярах;
[ ] - оригинал патента (патента под ответственность заявителя) или свидетельства на объект промышленной собственности, выписка из Реестра о регистрации объекта промышленной собственности, селекционного достижения;
[ ] - документ об уплате пошлины за регистрацию договора;
[ ] - копия документа, подтверждающего право на наследство или правопреемство; [ ] - доверенность на ведение дела;
[ ]- основной договор (в случае регистрации сублицензионного договора).
Заявитель (и) (должность, Ф.И.О., подписю( �br/>(М.П.)
Дата
Приложение 2 к Правилам регистрации договора об уступке
охранного документа на
объект промышленной собственности, селекционное
достижение, лицензионного договора о предоставлении права на их использование, договора о передаче технологии
Государственная служба интеллектуальной собственности Кыргызской
Республики
(Кыргызпатент)
720021, Кыргызская Республика г. Бишкек, ул. Московская, 62

Заявление
(Ф.И.О. или наименование юридического лица)


Адрес Телефон
Прошу зарегистрировать изменения к лицензионному договору,
зарегистрированному в Кыргызпатенте

Прилагаемые документы (нужное отметить [x]):
[ ] - документ, подтверждающий соглашение сторон договора о внесении изменений;
[ ] - копия документа об уплате пошлины за внесение изменений; [ ] - доверенность на ведение дела.
Заявитель
(и) (должность, Ф.И.О., подписю( �br/>(М.П.)
Дата


Legislation Is superseded by (2 text(s)) Is superseded by (2 text(s))
No data available.

WIPO Lex No. KG117