КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы № 685 'Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө' токтому
![]()
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 27-октябры №685
Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартибин, Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Патент мыйзамына", Кыргыз Республикасынын "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Ойлоп табууга патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун тартиби;
- Өнөр жайлык үлгүгө патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежеси;
- Пайдалуу моделге патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежеси;
- Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежеси.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи
вице-премьер-министри, Ө.Бабанов
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу