Об интеллектуальной собственности Обучение в области ИС Обеспечение уважения интеллектуальной собственности Информационно-просветительская работа в области ИС ИС для ИС и ИС в области Информация о патентах и технологиях Информация о товарных знаках Информация о промышленных образцах Информация о географических указаниях Информация о новых сортах растений (UPOV) Законы, договоры и судебные решения в области ИС Ресурсы в области ИС Отчеты в области ИС Патентная охрана Охрана товарных знаков Охрана промышленных образцов Охрана географических указаний Охрана новых сортов растений (UPOV) Разрешение споров в области ИС Деловые решения для ведомств ИС Оплата услуг в области ИС Органы по ведению переговоров и директивные органы Сотрудничество в целях развития Поддержка инновационной деятельности Государственно-частные партнерства Инструменты и сервисы на базе ИИ Организация Работа с ВОИС Подотчетность Патенты Товарные знаки Промышленные образцы Географические указания Авторское право Коммерческая тайна Академия ВОИС Практикумы и семинары Защита прав ИС WIPO ALERT Информационно-просветительская работа Международный день ИС Журнал ВОИС Тематические исследования и истории успеха Новости ИС Премии ВОИС Бизнеса Университетов Коренных народов Судебных органов Генетические ресурсы, традиционные знания и традиционные выражения культуры Экономика Финансирование Нематериальные активы Гендерное равенство Глобальное здравоохранение Изменение климата Политика в области конкуренции Цели в области устойчивого развития Передовых технологий Мобильных приложений Спорта Туризма PATENTSCOPE Патентная аналитика Международная патентная классификация ARDI – исследования в интересах инноваций ASPI – специализированная патентная информация Глобальная база данных по брендам Madrid Monitor База данных Article 6ter Express Ниццкая классификация Венская классификация Глобальная база данных по образцам Бюллетень международных образцов База данных Hague Express Локарнская классификация База данных Lisbon Express Глобальная база данных по ГУ База данных о сортах растений PLUTO База данных GENIE Договоры, административные функции которых выполняет ВОИС WIPO Lex – законы, договоры и судебные решения в области ИС Стандарты ВОИС Статистика в области ИС WIPO Pearl (терминология) Публикации ВОИС Страновые справки по ИС Центр знаний ВОИС Серия публикаций ВОИС «Тенденции в области технологий» Глобальный инновационный индекс Доклад о положении в области интеллектуальной собственности в мире PCT – международная патентная система Портал ePCT Будапештская система – международная система депонирования микроорганизмов Мадридская система – международная система товарных знаков Портал eMadrid Cтатья 6ter (гербы, флаги, эмблемы) Гаагская система – система международной регистрации образцов Портал eHague Лиссабонская система – международная система географических указаний Портал eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Посредничество Арбитраж Вынесение экспертных заключений Споры по доменным именам Система централизованного доступа к результатам поиска и экспертизы (CASE) Служба цифрового доступа (DAS) WIPO Pay Текущий счет в ВОИС Ассамблеи ВОИС Постоянные комитеты График заседаний WIPO Webcast Официальные документы ВОИС Повестка дня в области развития Техническая помощь Учебные заведения в области ИС Поддержка в связи с COVID-19 Национальные стратегии в области ИС Помощь в вопросах политики и законодательной деятельности Центр сотрудничества Центры поддержки технологий и инноваций (ЦПТИ) Передача технологий Программа содействия изобретателям (IAP) WIPO GREEN PAT-INFORMED ВОИС Консорциум доступных книг Консорциум «ВОИС для авторов» WIPO Translate для перевода Система для распознавания речи Помощник по классификации Государства-члены Наблюдатели Генеральный директор Деятельность в разбивке по подразделениям Внешние бюро Вакансии Закупки Результаты и бюджет Финансовая отчетность Надзор
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Законы Договоры Решения Просмотреть по юрисдикции

Положение о Государственной службе интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 20.02.2012 г. № 131, и в редакции постановлений Правительства КР от 12.12.2016 г. № 653), Кыргызстан

Назад
Отмененный текст 
Подробности Подробности Год версии 2016 Даты вступление в силу: 23 февраля 2012 г. Принят: 20 февраля 2012 г. Тип текста Имплементационные правила/положения Предмет Регулирующие органы в области ИС

Имеющиеся тексты

Основной текст(-ы) Смежный текст(ы)
Основной(ые) текст(ы) Основной(ые) текст(ы) Русский Положение о Государственной службе интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 20.02.2012 г. № 131, и в редакции постановлений Правительства КР от 12.12.2016 г. № 653)         Киргизский Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 токтому менен бекитилген, жана КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 токтомдорунун редакциясына ылайык)        
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 токтому менен бекитилген, жана КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 токтомдорунун редакциясына ылайык)

1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20- февралындагы
№131 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Интеллектуалдык менчик

жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө

ЖОБО

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168, 2016-жылдын 12- декабрындагы № 653 токтомдорунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент) интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктүрүү тармагындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну жүргүзүүчү, аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Кыргызпатент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды, ушул Жобону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Кыргызпатент юридикалык жак болуп эсептелет, анын өз алдынча балансы жана ага бекитилип берилген мүлкү, банктык мекемелерде алыш-бериш (анын ичинде валюталык) жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерин ачууга укуктуу.
Кыргызпатенттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өз аталышы менен мөөрү жана башка белгиленген үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
4. Кыргызпатент жана анын ведомстволук уюмдары Кыргыз Республикасынын бирдиктүү интеллектуалдык менчик системасын түзөт.
5. Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын атынан интеллектуалдык менчик объектилерине коргоо документтерин берет.
6. Кыргызпатент ушул Жободо белгиленген жана ага карама-каршы келбеген ыйгарым укуктардын чегинде өз ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.

2. Кыргызпатенттин максаты

7. Максаты - интеллектуалдык менчикти коргоону камсыздоо жана инновациялык ишти өнүктүрүү.

3. Кыргызпатенттин милдеттери

8. Кыргызпатенттин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- интеллектуалдык менчик объектилерине жана салттуу билимдерге укуктук жактан коргоого шарт түзүү жана аны камсыз кылуу;
- адабият, искусство жана илим жаатындагы чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле келечектүү илимий-техникалык иштелмелерди илгерилетүүгө жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү;
- патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүү;
- инновациялык ишти өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү.

4. Кыргызпатенттин функциялары

9. Кыргызпатент төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясат функциялары:
- интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы улуттук стратегияларды жана программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- улуттук мыйзамдарды колдонуу тажрыйбасын талдайт жана жалпылайт, интеллектуалдык менчик жана инновациялык иштер жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- Кыргызпатенттин компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү тууралуу сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгат, ушул келишимдер боюнча Кыргыз тараптын милдеттенмелерин аткарышын камсыз кылат;
- Кыргызпатенттин карамагындагы мамлекеттик маалымат ресурстарынын, маалымат системаларынын жана тармактарынын коопсуздугун жана коргоону камсыздайт;
- интеллектуалдык менчик объектилеринин жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик реестрлерин жүргүзөт;
- патенттик-техникалык маалымат системасынын абалын жана өнүктүрүү көйгөйлөрүн баалоо, ошондой эле улуттук жана мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасында инновациялык иштерди өнүктүрүү боюнча сунуштарды түзөт;
- инновациялык долбоорлордун абалына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;
- тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- инновациялык долбоорлордун абалын талдайт жана аларды өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- кызыкдар болгон тараптар менен бирге инновациялык иштерге өбөлгө көрсөтүүнүн механизмдерин иштеп чыгат.
2) жөнгө салуу функциялары:
- өнөр жайлык менчик объектилерине, салттуу билимдерге, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына коргоо документтерин берүүгө карата экспертиза жүргүзөт;
- мамлекеттин атынан өнөр жайлык менчик объектилерине, салттуу билимдерге, селекциялык жетишкендиктерге, интегралдык микросхемалардын топологияларына коргоо документтерин берет, ошондой эле аларды күчүндө кармап туруу боюнча чараларды ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды ыйгарып берүү жөнүндө келишимдерди, лицензиялык келишимдерди жана автордук келишимдерди каттайт;
- автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин каттайт;
- авторлорду жана чектеш укуктар ээлерин эсепке алууну жүргүзөт;
- автордук укук объектилерин пайдаланууга укук алууга автордук укук объектилеринин пайдалануучулары менен лицензиялык келишимдерди түзөт;
- лицензиялык келишимдерди түзүүдөн жана автордук сый акыларды төлөөдөн автордук укук объектилерин пайдалануучулары баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт;
- патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү мамлекеттик аттестациялоодон жана каттоодон өткөрүүнү жүргүзөт.
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын бирдиктүү иштешин камсыздайт;
- авторлордун жана чектеш укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын ишин контролдоону ишке ашырат;
- коргоо документтерин алуу үчүн берилген өтүнмөлөргө карата мамлекеттик экспертизанын натыйжалары боюнча даттанууларды жана арыздарды, ошондой эле Кыргызпатенттин компетенциясындагы маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын башка арыздарын жана кайрылууларын карайт;
- Кыргызпатенттин алдындагы Авторлор кеңешин - кеңешүүчү органын түзүү жолу менен жамааттык негиздеги авторлордун мүлктүк укуктарын башкарууну координациялайт;
- Кыргызпатенттин алдындагы Чектеш укуктар ээлеринин кеңешин кеңешүүчү органын түзүү жолу менен жамааттык негизде чектеш укуктар ээлеринин мүлктүк укуктарын башкарууну координациялайт;
- ведомстволук уюмдардын каражаттарды натыйжалуу пайдалангандыгын контролдоо жүргүзөт.
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана авторлордун мүлктүк укуктарын башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара кызыкчылыктарды билдирүү жөнүндө макулдашууларга ылайык сый акыларды чогултушат, бөлүштүрүшөт жана автордук укуктун ээлерине чыгармаларын пайдалангандыгы үчүн сый акы төлөп беришет;
- патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик кызыкдар болгон уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды маалымдама жана аналитикалык материалдар менен камсыз кылат;
- келишимдик негизде интеллектуалдык менчик объекттерин жаратуу, укуктук коргоо жана пайдалануу тармагында жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтөт жана иштерди жүргүзөт;
- коомдук мураска өткөн автордук укуктун объекттерин пайдалангандыгы үчүн келип түшкөн каражаттардын, ошондой эле үч жыл бою талап кылынбаган автордук сыйлыктардын жана башка каражаттардын эсебинен түзүлгөн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген тартипте жыйнайт жана бөлүштүрөт;
- маалыматтык, ченемдик, илимий, методикалык жана окуу материалдарын чыгарат жана ишке ашырат, ошондой эле башка полиграфиялык тейлөө кызматтарын көрсөтөт.
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жана сактоо маселелери боюнча эл аралык кызматташууну, Кыргыз Республикасын атынан тиешелүү эл аралык уюмдарда ыйгарым укуктуу чыгууну жүргүзөт, эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан келип чыккан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы укуктук жактан коргоо жана сактоо маселелери боюнча окутууларды уюштурат;
- авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара кызыкчылыктарды билдирүү жөнүндө макулдашууларды түзөт;
- ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктар ээлерине алардын укуктарын ишке ашырууда өбөлгө түзөт;
- чет өлкөлүк патенттөөдө жана мамлекеттин атынан патенттерди сатып алууда көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик патенттик фондуну ата мекендик жана чет өлкөлүк ойлоп табуулардын сыпаттамалары, интеллектуалдык менчиктин башка объектилери боюнча документтер жана адабияттар менен комплекттейт;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууга, экономикалык мааниси бар жогорку натыйжалуу интеллектуалдык инновациялык ишинин натыйжаларын менчик объекттеринин инновациялык ишинин натыйжаларын өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- инновациялык долбоорлорду маалыматтык чагылдырууну уюштурат;
- көргөзмөлөрдү, сынактарды, семинарларды жана инновациялык иштерди колдоого багытталган башка иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- интеллектуалдык менчиктин айрым объектилерине укук бузуулар болгондо, продукцияларга жана товарларга изилдөө жана экспертиза жүргүзөт.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 токтомдун редакциясына ылайык)

5. Кыргызпатенттин укуктары

10. Кыргызпатент төмөнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоо жана интеллектуалдык менчик системасын иштетүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюуга;
- интеллектуалдык менчиктин көйгөйлүү маселелери боюнча илимий-изилдөө, көргөзмө, сынактык жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, усулдук куралдарды, ошондой эле интеллектуалдык менчик жана инновациялар иштер жаатындагы башка адабияттарды чыгарууга;
- маалымат ресурстарын түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды берүү, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- интеллектуалдык менчик объекттерин коргоого байланыштуу документтердин бирдиктүү формасын белгилөөгө;
- автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга ыйгарым укуктуулугун тастыктаган документтерди алууга;
- бардык автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулардан автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга тийиштүү лицензиялык келишимдин болушун талап кылууга, ошондой эле пайдаланылган чыгармалар жөнүндө ай сайын отчет берүүгө жана бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- автордук жана чектеш укуктардын объекттерин пайдалануучулар автордук сый акыны төлөөдөн баш тарткан учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- министрликтерден, административдик ведомстволордон жана уюмдардан ойлоп табуучулук жана патенттик-лицензиялык иштер боюнча зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин башка объектилери жөнүндө статистикалык маалыматтарды мыйзамдарда белгиленген тартипте сурап алууга;
- белгиленген тартипте илимий-техникалык жана патенттик-маалымат продукцияларынын, ошондой эле инновация жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы иштер менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жана тарифтерин белгилөө боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн Кыргызпатенттин алдындагы уюмдарды жана топторду түзүүгө;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоого байланыштуу маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Кыргызпатенттин бюджетинин чегинде
башка иштерди, тейлөө кызматтарын аткаруу үчүн келишимдик негизде ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды тартууга;
- интеллектуалдык менчик жаатындагы көйгөйлүү маселелер боюнча илимий- изилдөө жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- интеллектуалдык менчик объектилерин баалоого жана коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;
- интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштурууга;
- Кыргызпатенттин юридикалык жак статусу менен ведомстволук уюмдарды түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
- өнөр жайлык менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча каршы пикирлерди жана арыздарды карап чыгуу үчүн милдеттүү баштапкы орган болгон Апелляциялык кеңешти түзүүгө. Апелляциялык кеңеш жөнүндө жобону Кыргызпатенттин коллегиясы бекитет;
- кеңеш берүүчү органды - Кыргыпатенттин алдындагы Ойлоп табуучулар кеңешин түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.

6. Кыргызпатенттин ишин уюштуруу

11. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага башкарат.
12. Кыргызпатентте статс-катчынын жана төраганын орун басарынын кызмат орундары каралган.
Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдары менен аныкталат.
Төраганын орун басары Кыргызпатенттин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Кыргызпатенттин төрагасына түздөн-түз баш ийет жана Кыргызпатенттин ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
13. Кыргызпатенттин төрагасы, статс-катчысы жана орун басары мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелет.
14. Кыргызпатенттин төрагасы:
- Кыргызпатенттин, анын борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана Кыргызпатентке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттер менен мамилелерде Кыргызпатенттин атынан өкүл болот, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү алып барат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин компетенциясындагы маселелер боюнча
өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коет;
- статс-катчынын жана төраганын орун басарларынын милдеттерин белгилейт жана алар тарабынан Кыргызпатенттин компетенциясындагы ыкчам, уюштуруу, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Кыргызпатенттин башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоого сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргызпатенттин ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын белгилейт;
- белгиленген чектелген сандын чегинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жобосуна ылайык Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- ведомстволук уюмдарынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Кыргызпатенттин каражаттарынын кирешелеринин жана чыгымдарынын жылдык планын бекитет, ошондой эле анын аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кыргызпатенттин системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ведомстволук актыларды чыгарат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен бирдикте же макулдашуу боюнча Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана ведомстволук уюмдарында алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргызпатенттин ишинин ички тартибин жана Кыргызпатенттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- белгиленген тартипте Кыргызпатент системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
- Кыргызпатенттин кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик жазанын түрлөрүн колдонот;
- финансылык каражаттарды, анын ичинде валюталык каражаттарды бөлүштүрүүчү болуп эсептелет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин эмгегине дем берүү тууралуу чечим кабыл алат;
- мыйзамдарга ылайык Кыргызпатенттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
15. Кыргызпатентте коллегия түзүлөт, анын курамына 9 киши: коллегияга кызмат орду боюнча Кыргызпатенттин төрагасы (төрага), статс-катчы жана төраганын орун басары кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү Кыргызпатенттин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет. Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү кирет.
16. Кыргызпатенттин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген Коомдук кеңеш түзүлөт.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 30-марты № 168 токтомдун редакциясына ылайык)

17. Учурдагы өндүрүштүк маселелерди ыкчам чечүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүлүшү мүмкүн анын жеке курамын Кыргызпатенттин төрагасы бекитет.

7. Корутунду жоболор

18. Кыргызпатент жана анын ведомостволук уюмдары өз ишин өзүн-өзү каржылоо шарттарында ишке ашырат. Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын каржылоо булактары болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген интеллектуалдык менчик объекттерин каттагандыгы жана коргоо бергендиги үчүн, ошондой эле Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна Протокол, Евразиялык патенттик конвенция, Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусу боюнча жана интеллектуалдык менчик жаатындагы башка эл аралык келишимдер боюнча экспертиза жүргүзгөндүгү жана башка юридикалык маанилүү аракеттерди аткаргандыгы үчүн патенттик алымдар жана жыйымдар түрүндө келип түшкөн каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка түшүүлөр эсептелет.
19. Кыргызпатент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулук боюнча тийиштүү органдарга маалыматтарды даярдоону жана берүүнү камсыз кылат.
20. Кыргызпатентти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
21. Кыргызпатенттин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте өткөрүлүп берилет, сакталат жана пайдаланылат.

ПОЛОЖЕНИЕ

Приложение 1
Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики
от 20 февраля 2012 года №131

о Государственной службе интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики

(В редакции постановлений Правительства КР от 30 марта 2015 года №

168, 12 декабря 2016 года № 653)

1. Общие положения

1. Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики (далее - Кыргызпатент) является уполномоченным государственным органом исполнительной власти, осуществляющим реализацию единой государственной политики в области охраны интеллектуальной собственности и развитию инноваций.
2. Кыргызпатент в своей деятельности руководствуется Конституцией и законами Кыргызской Республики, указами и распоряжениями Президента Кыргызской Республики, постановлениями Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, постановлениями и распоряжениями Правительства Кыргызской Республики, международными договорами и соглашениями, вступившими в установленном порядке в силу, участницей которых является Кыргызская Республика, настоящим Положением, а также иными нормативными правовыми актами Кыргызской Республики.
3. Кыргызпатент является юридическим лицом, имеет самостоятельный баланс и закрепленное за ним имущество, расчетные (в том числе валютные) и иные счета в учреждениях банков и вправе открывать новые счета в соответствии с законодательством Кыргызской Республики.
Кыргызпатент имеет печать с изображением Государственного герба Кыргызской Республики со своим наименованием на государственном и официальном языках и иные печати, штампы, бланки установленного образца.
4. Кыргызпатент и его подведомственные организации составляют единую систему интеллектуальной собственности Кыргызской Республики.
5. Кыргызпатент выдает от имени Кыргызской Республики охранные документы на объекты интеллектуальной собственности.
6. Кыргызпатент самостоятельно организует и осуществляет свою деятельность в пределах полномочий, установленных и не противоречащих настоящему Положению.

2. Цель Кыргызпатента

7. Цель - обеспечение охраны интеллектуальной собственности и развитие инновационной деятельности.

3. Задачи Кыргызпатента

8. Задачами Кыргызпатента являются:
- предоставление и обеспечение правовой охраны объектам интеллектуальной собственности и традиционных знаний;
- содействие развитию творчества в области литературы, искусства и науки, а также продвижению перспективных научно-технических разработок и коммерциализации объектов интеллектуальной собственности;
- развитие национальной системы патентно-технической информации;
- развитие и стимулирование инновационной деятельности.

4. Функции Кыргызпатента

9. Кыргызпатент осуществляет следующие функции:
1) функции отраслевой политики:
- разрабатывает и реализует национальные стратегии и программы в области интеллектуальной собственности и инноваций;
- анализ и обобщение практики применения национального законодательства и вносит в установленном порядке предложения о совершенствовании нормативных правовых актов в области интеллектуальной собственности и инновационной деятельности;
- разрабатывает в установленном порядке предложения о заключении международных договоров по вопросам, входящим в компетенцию Кыргызпатента, обеспечивает выполнение обязательств Кыргызской стороны по этим договорам;
- обеспечивает безопасность и защиту государственных информационных ресурсов, информационных систем и сетей, находящихся в ведении Кыргызпатента;
- ведет государственные реестры объектов интеллектуальной собственности и патентных поверенных;
- проводит исследования по оценке состояния и проблемам развития системы патентно-технической информации, а также формирования и рационального использования национальных и государственных информационных ресурсов;
- формирует предложения по развитию инновационной деятельности в
Кыргызской Республике;
- организует мониторинг и анализ состояния инновационных проектов;
- проводит мероприятия по правовой пропаганде в сфере курируемой отрасли;
- анализирует состояние инновационных проектов и вырабатывает рекомендации по их развитию;
- разрабатывает механизмы стимулирования инновационной деятельности совместно с заинтересованными сторонами;
2) функции регулирования:
- проводит экспертизу на выдачу охранных документов на объекты промышленной собственности, традиционных знаний, селекционных достижений, топологию интегральных микросхем и проводит их государственную экспертизу;
- выдает от имени государства охранные документы на объекты промышленной собственности, традиционных знаний, селекционные достижения, топологии интегральных микросхем, а также осуществляет меры по поддержанию их в силе;
- регистрирует договоры об уступке прав, лицензионные договоры и авторские договоры на объекты интеллектуальной собственности, охраняемые на территории Кыргызской Республики;
- регистрирует объекты авторского права и смежных прав;
- ведет учет авторов и обладателей смежных прав;
- заключает лицензионные договоры с пользователями объектов авторского права на право использования объектов авторского права;
- принимает меры в случае отказа пользователей объектов авторского права от заключения лицензионных договоров и уплаты авторского вознаграждения в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;
- проводит государственную аттестацию и регистрацию патентных поверенных;
3) функции координации и контроля:
- обеспечивает согласованность деятельности органов государственного управления Кыргызской Республики по вопросам охраны и защиты объектов интеллектуальной собственности;
- осуществляет контроль за деятельностью организаций, управляющих на коллективной основе имущественными правами авторов и обладателей смежных прав;
- рассматривает возражения и жалобы по результатам государственной экспертизы по заявкам на выдачу охранных документов, а также другие заявления и обращения физических и юридических лиц по вопросам, отнесенным к компетенции Кыргызпатента;
- координирует управление имущественными правами авторов на коллективной основе путем создания совещательного органа - Совета авторов при Кыргызпатенте;
- координирует управление имущественными правами обладателей смежных прав на коллективной основе путем создания совещательного органа Совета обладателей смежных прав при Кыргызпатенте;
- осуществляет контроль за эффективностью использования подведомственными организациями средств;
4) функции предоставления услуг:
- осуществляет сбор, распределение и выплату вознаграждения обладателям авторских прав за использование произведений в соответствии с законодательством Кыргызской Республики и соглашениями о взаимном представительстве интересов с зарубежными организациями по управлению имущественными правами авторов;
- обеспечивает заинтересованные государственные организации, юридические и физические лица справочными и аналитическими материалами в сфере патентно-технической информации;
- оказывает на договорной основе физическим и юридическим лицам услуги и проведение работ в области создания, правовой охраны и использования объектов интеллектуальной собственности;
- осуществляет сбор и распределение средств Государственного фонда интеллектуальной собственности, сформированного за счет средств, поступающих за использование объектов авторского права, перешедших в общественное достояние, а также невостребованных в течение трех лет авторских вознаграждений и других средств, в порядке, не противоречащем законодательству Кыргызской Республики;
- издает и реализует информационные, нормативные, научные, методические и учебные материалы, а также оказывает иные полиграфические услуги;
5) функции поддержки:
- осуществляет международное сотрудничество по вопросам правовой охраны и защиты объектов интеллектуальной собственности, уполномоченное представление Кыргызской Республики в соответствующих международных организациях, организует мероприятия, направленные на выполнение обязательств Кыргызской Республики, вытекающих из международных договоров и соглашений;
- организует обучение по вопросам охраны и защиты прав в области интеллектуальной собственности;
- заключает соглашения о взаимном представительстве интересов с зарубежными организациями по коллективному управлению имущественными правами авторов;
- содействует изобретателям, обладателям авторских и смежных прав в реализации их прав;
- содействует в зарубежном патентовании и закупке патентов от имени государства;
- комплектует государственный патентный фонд описаниями отечественных и зарубежных изобретений, документацией и литературой по другим объектам интеллектуальной собственности;
- содействует коммерциализации интеллектуальной собственности, освоению результатов инновационной деятельности высокоэффективных объектов интеллектуальной собственности, имеющих важное экономическое значение;
- организует информационное освещение инновационных проектов;
- организует и проводит выставки, конкурсы, семинары и другие мероприятия, направленные на поддержку инновационной деятельности;
- проводит исследования и экспертизу продукции и товаров на наличие нарушений прав на отдельные объекты интеллектуальной собственности.

(В редакции постановления Правительства КР от 12 декабря 2016 года №

653)

5. Права Кыргызпатента

10. Кыргызпатент имеет право:
- вносить на рассмотрение Правительства Кыргызской Республики предложения по вопросам правовой охраны объектов интеллектуальной собственности и функционирования системы интеллектуальной собственности;
- вносить в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке предложения о заключении международных договоров в области интеллектуальной собственности, в пределах своей компетенции вести переговоры с соответствующими международными организациями, подписывать указанные договоры;
- организовывать и проводить научно-исследовательские, выставочные, конкурсные и другие работы по проблемам интеллектуальной собственности;
- издавать официальные бюллетени, журналы, информационные материалы, методические пособия, а также другую литературу в области интеллектуальной собственности и инновационной деятельности;
- формировать информационные ресурсы;
- вносить в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке предложения о присуждении государственных премий, награждении государственными наградами;
- устанавливать единые формы документов, связанных с охраной объектов интеллектуальной собственности;
- получать от пользователей авторских и смежных прав документы, подтверждающие правомочность использования объектов авторского права и смежных прав;
- требовать от всех пользователей объектов авторских и смежных прав наличия соответствующего лицензионного договора на использование объектов авторского права и смежных прав, а также ежемесячного представления отчетов об использованных произведениях, и в случае невыполнения данного требования принимать меры в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;
- принимать меры в случае отказа пользователей объектов авторского права и смежных прав от уплаты авторского вознаграждения в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;
- запрашивать от министерств, государственных комитетов, административных ведомств и организаций необходимые данные о изобретательской и патентно- лицензионной работе, а также статистические данные о других объектах интеллектуальной собственности в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке;
- вносить в установленном порядке предложения по установлению цен и тарифов на научно-техническую и патентно-информационную продукцию, а также на работы и услуги в области инновации и охраны интеллектуальной собственности;
- создавать при Кыргызпатенте организации и группы для выполнения работ и оказания услуг в области интеллектуальной собственности в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке;
- привлекать на договорной основе отечественных и иностранных специалистов и/или юридических лиц для решения вопросов, связанных с правовой охраной объектов интеллектуальной собственности, а также для выполнения иных работ, услуг в пределах бюджета Кыргызпатента;
- организовывать и проводить научно-исследовательские и другую работу по проблемным вопросам в области интеллектуальной собственности;
- организовывать работу по содействию оценке и коммерциализации объектов интеллектуальной собственности;
- организовывать выставки, конференции, семинары, "круглые столы" и другие мероприятия по вопросам правовой охраны интеллектуальной собственности, в том числе международные;
- участвовать в создании и деятельности подведомственных организаций
Кыргызпатента, образованных со статусом юридического лица;
- создавать Апелляционный совет, обязательный первичный орган для рассмотрения возражений и заявлений по вопросам охраноспособности объектов промышленной собственности и селекционных достижений. Положение об Апелляционном совете утверждается коллегией Кыргызпатента;
- создавать совещательный орган - Совета изобретателей при Кыргызпатенте;
- осуществлять иные права, предусмотренные законодательством Кыргызской
Республики.

6. Организация деятельности Кыргызпатента

11. Кыргызпатент возглавляет председатель, назначаемый на должность и освобождаемый от должности Премьер-министром Кыргызской Республики.
12. В Кыргызпатенте предусматриваются должности статс-секретаря и заместителя председателя.
Порядок назначения на должность, освобождения от должности, функции и полномочия статс-секретаря определяются законодательством Кыргызской Республики о государственной службе.
Заместитель председателя назначается на должность и освобождается от должности Премьер-министром Кыргызской Республики по представлению председателя Кыргызпатента, подчиняется непосредственно председателю Кыргызпатента и организуют деятельность Кыргызпатента в пределах возложенных на них обязанностей.
13. Председатель Кыргызпатента, статс-секретарь и заместитель председателя являются государственными служащими.
14. Председатель Кыргызпатента:
- осуществляет общее руководство деятельностью Кыргызпатента, его центрального аппарата и подведомственных организаций и несет персональную ответственность за выполнение возложенных на Кыргызпатент задач;
- представляет Кыргызпатент в отношениях с международными организациями, органами государственной власти Кыргызской Республики, предприятиями, учреждениями и организациями Кыргызской Республики и иностранных государств на территории Кыргызской Республики, ведет в пределах своих полномочий переговоры и в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке подписывает международные договоры, соглашения и протоколы о взаимодействии и сотрудничестве по вопросам, отнесенным к компетенции Кыргызпатента;
- определяет обязанности статс-секретаря и заместителя председателя, устанавливает полномочия других должностных лиц Кыргызпатента по решению
ими оперативных, организационных, кадровых, финансовых, производственно- хозяйственных и иных вопросов, отнесенных к компетенции Кыргызпатента;
- в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке вносит представления Премьер-министру Кыргызской Республики о назначении руководителей подведомственных организаций Кыргызпатента;
- в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке назначает на должность и освобождает от должности заместителей руководителей подведомственных организаций;
- в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке назначает и освобождает от должности работников центрального аппарата Кыргызпатента;
- определяет систему оплаты труда работников подведомственных организаций Кыргызпатента;
- утверждает структуру и штатное расписание центрального аппарата Кыргызпатента в пределах установленной предельной численности и в соответствии с положением о его структурных подразделениях;
- утверждает структуру и штатное расписание подведомственных организаций;
- утверждает ежегодный план доходов и расходов средств Кыргызпатента, а также осуществляет контроль за его исполнением;
- издает в соответствии с законодательством Кыргызской Республики и настоящим Положением обязательные для исполнения в системе Кыргызпатента приказы, положения, инструкции, правила и иные ведомственные акты, в том числе совместно или по согласованию с руководителями государственных органов Кыргызской Республики организует проверку их исполнения в структурных подразделениях и в подведомственных организациях Кыргызпатента;
- определяет в соответствии с законодательством Кыргызской Республики внутренний распорядок работы Кыргызпатента и должностные обязанности работников Кыргызпатента;
- представляет в установленном порядке особо отличившихся работников системы Кыргызпатента к награждению государственными наградами и присвоению почетных званий;
- применяет установленные законодательством Кыргызской Республики виды дисциплинарных взысканий в отношении сотрудников Кыргызпатента;
- является распорядителем финансовых средств, включая валютные средства;
- принимает решение о стимулировании труда сотрудников Кыргызпатента в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, а также коллективным договором;
- осуществляет в соответствии с законодательством другие полномочия для решения вопросов, поставленных перед Кыргызпатентом.
15. В Кыргызпатенте образуется коллегия, в состав которой входят 9 человек: председатель Кыргызпатента (председатель), статс-секретарь и заместитель председателя, входящие в коллегию по должности. Остальные члены коллегии утверждаются распоряжением Премьер-министра Кыргызской Республики по представлению председателя Кыргызпатента. В состав коллегии входит представитель Аппарата Правительства Кыргызской Республики.
16. В целях общественного мониторинга деятельности Кыргызпатента создается Общественный совет, представляющий собой консультативно- наблюдательный орган, функционирующий на общественных началах.

(В редакции постановления Правительства КР от 30 марта 2015 года №

168)

17. Для оперативного разрешения текущих производственных вопросов и координации деятельности структурных подразделений может создаваться научно-технический совет, персональный состав которого утверждается председателем Кыргызпатента.

7. Заключительные положения

18. Кыргызпатент и его подведомственные организации осуществляют свою деятельность на условиях самофинансирования. Источниками финансирования Кыргызпатента и его подведомственных организаций являются средства в виде патентных пошлин и сборов за регистрацию и предоставление охраны объектам интеллектуальной собственности, устанавливаемых законодательством Кыргызской Республики, а также поступающие в соответствии с Мадридским соглашением о международной регистрации знаков, Протоколом к Мадридскому соглашению о международной регистрации знаков, Евразийской патентной конвенцией, Гаагским соглашением о международном депонировании промышленных образцов и другими международными договорами в области интеллектуальной собственности за проведение экспертизы и других юридически значимых действий, а также прочие поступления, не противоречащие законодательству Кыргызской Республики.
19. Кыргызпатент в установленном порядке ведет учет финансовых средств, обеспечивает подготовку и предоставление сведений в соответствующие органы по статистической, бухгалтерской и другой отчетности.
20. Реорганизация и ликвидация Кыргызпатента проводится в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.
21. В случае прекращения деятельности Кыргызпатента документы, возникшие в ходе его деятельности, сдаются, хранятся и используются в порядке, предусмотренном Законом Кыргызской Республики "О Национальном архивном фонде Кыргызской Республики".


Законодательство Касается (1 текст(ов)) Касается (1 текст(ов)) Аннулировано следующим актом (1 текст(ов)) Аннулировано следующим актом (1 текст(ов))
Данные недоступны.

№ в WIPO Lex KG153