Об интеллектуальной собственности Обучение в области ИС Обеспечение уважения интеллектуальной собственности Информационно-просветительская работа в области ИС ИС для ИС и ИС в области Информация о патентах и технологиях Информация о товарных знаках Информация о промышленных образцах Информация о географических указаниях Информация о новых сортах растений (UPOV) Законы, договоры и судебные решения в области ИС Ресурсы в области ИС Отчеты в области ИС Патентная охрана Охрана товарных знаков Охрана промышленных образцов Охрана географических указаний Охрана новых сортов растений (UPOV) Разрешение споров в области ИС Деловые решения для ведомств ИС Оплата услуг в области ИС Органы по ведению переговоров и директивные органы Сотрудничество в целях развития Поддержка инновационной деятельности Государственно-частные партнерства Инструменты и сервисы на базе ИИ Организация Работа с ВОИС Подотчетность Патенты Товарные знаки Промышленные образцы Географические указания Авторское право Коммерческая тайна Академия ВОИС Практикумы и семинары Защита прав ИС WIPO ALERT Информационно-просветительская работа Международный день ИС Журнал ВОИС Тематические исследования и истории успеха Новости ИС Премии ВОИС Бизнеса Университетов Коренных народов Судебных органов Генетические ресурсы, традиционные знания и традиционные выражения культуры Экономика Гендерное равенство Глобальное здравоохранение Изменение климата Политика в области конкуренции Цели в области устойчивого развития Передовых технологий Мобильных приложений Спорта Туризма PATENTSCOPE Патентная аналитика Международная патентная классификация ARDI – исследования в интересах инноваций ASPI – специализированная патентная информация Глобальная база данных по брендам Madrid Monitor База данных Article 6ter Express Ниццкая классификация Венская классификация Глобальная база данных по образцам Бюллетень международных образцов База данных Hague Express Локарнская классификация База данных Lisbon Express Глобальная база данных по ГУ База данных о сортах растений PLUTO База данных GENIE Договоры, административные функции которых выполняет ВОИС WIPO Lex – законы, договоры и судебные решения в области ИС Стандарты ВОИС Статистика в области ИС WIPO Pearl (терминология) Публикации ВОИС Страновые справки по ИС Центр знаний ВОИС Серия публикаций ВОИС «Тенденции в области технологий» Глобальный инновационный индекс Доклад о положении в области интеллектуальной собственности в мире PCT – международная патентная система Портал ePCT Будапештская система – международная система депонирования микроорганизмов Мадридская система – международная система товарных знаков Портал eMadrid Cтатья 6ter (гербы, флаги, эмблемы) Гаагская система – система международной регистрации образцов Портал eHague Лиссабонская система – международная система географических указаний Портал eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange Посредничество Арбитраж Вынесение экспертных заключений Споры по доменным именам Система централизованного доступа к результатам поиска и экспертизы (CASE) Служба цифрового доступа (DAS) WIPO Pay Текущий счет в ВОИС Ассамблеи ВОИС Постоянные комитеты График заседаний WIPO Webcast Официальные документы ВОИС Повестка дня в области развития Техническая помощь Учебные заведения в области ИС Поддержка в связи с COVID-19 Национальные стратегии в области ИС Помощь в вопросах политики и законодательной деятельности Центр сотрудничества Центры поддержки технологий и инноваций (ЦПТИ) Передача технологий Программа содействия изобретателям (IAP) WIPO GREEN PAT-INFORMED ВОИС Консорциум доступных книг Консорциум «ВОИС для авторов» WIPO Translate для перевода Система для распознавания речи Помощник по классификации Государства-члены Наблюдатели Генеральный директор Деятельность в разбивке по подразделениям Внешние бюро Вакансии Закупки Результаты и бюджет Финансовая отчетность Надзор
Arabic English Spanish French Russian Chinese
Законы Договоры Решения Просмотреть по юрисдикции

Кыргызстан

KG200

Назад

Кыргыз республикасынын мыйзамы, 2016-жылдын 23-июлу № 133, кыргыз республикасынын айрым мыйзам актыларына (кыргыз республикасынын граждандык кодексине, 'юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө' кыргыз республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 'фирмалык аталыштар жөнүндө' кыргыз республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 23-июлу № 133

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 87-статьянын 4-пунктунда жана 4-пунктун кошпогондо, 89-статьяда ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "аталыш" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "фирмалык аталыш" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 89-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Юридикалык жак фирмалык аталышка ээ болууга тийиш.

Фирмалык аталышка карата талаптар ушул Кодекс, ошондой эле юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленет. Фирмалык аталышка болгон укуктар ушул Кодекстин V бөлүмүнүн эрежелерине ылайык аныкталат.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 461-статьянын 1-пунктунда "аталышы (фирмалык аталышы)" деген сөздөр "фирмалык аталышы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 757 жана 758-статьялардын 1-пункттарынын экинчи абзацтарында, 793-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасында, 852-статьянын 1-пунктунда, 861-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында, 907-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасында, 924-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында, 964-статьянын экинчи абзацында ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "аталыш" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "фирмалык аталыш" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 866-статьянын 1-пунктунда "келишимде каралган лицензиардын фирмалык аталышын жана корголуучу коммерциялык маалыматын камтыган лицензиаттын ээлик кылуу ишкердигинде пайдаланылуучу өзгөчө укуктарынын комплексин, ошондой эле башка өзгөчө укуктарды (товардык белгини, тейлөө белгисин, патентти)," деген сөздөр "лицензиаттын ишкердик ишинде келишимде каралган лицензиардын товардык белгисинин, тейлөө белгисинин, патентинин өзгөчө укуктарын жана корголуучу коммерциялык маалыматын пайдалануу укугун камтыган өзгөчө укуктардын комплексин (лицензиялык комплексти)," деген сөздөргө алмаштырылсын";

4) 871-статьянын 1-бөлүгүндө:

а) экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) сегизинчи абзацында "фирмалык аталышын," деген сөздөр алып салынсын;

5) 875-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими лицензиялык комплекске кирген өзгөчө укук токтотулган учурда токтотулат.";

6) 877-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 58-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1103-1-статья менен толукталсын:

"1103-1-статья. Фирмалык аталыш

1. Фирмалык аталыш - аны менен ал өз ишин жүзөгө ашырган жана ал башка юридикалык жактан айырмаланып турган юридикалык жактын толук аталышы.

2. Юридикалык жак граждандык карым-катнашка анын уюмдаштыруу документтеринде аныкталган өзүнүн фирмалык аталышы менен чыгат жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.

3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу-укуктук таризин жана иштин турун билдирген сөздөрдөн гана турбастан, юридикалык жактын өз аталышына көрсөтмөнү камтууга тийиш.

4. Юридикалык жактын бир толук фирмалык аталышы болууга тийиш жана бир кыскартылган фирмалык аталышынын болушуна укуктуу.

Юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын гана камтууга тийиш.

5. Юридикалык жактын фирмалык аталышына төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн эмес:

1) катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) окшош толук же кыскартылган аталыштары;

2) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоочу элементтер, ошондой эле одоно жана уят сөздөр.

Мамлекеттик ишкананын фирмалык аталышы мндай ишкананын Кыргыз Республикасына таандыктыгында көрсөтмөнү камтышы мүмкүн.

Юридикалык жактын фирмалык аталышына Кыргыз Республикасынын расмий толук же кыскартылган аталышын, ошондой эле ушул аталыштан алынган туунду сөздөрдү жана "Улуттук" жана "Манас" деген сөздөрдү алардын кайсы айкалышында болбосун киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жол берилет.";

8) 1104-1106-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1104-статья. Фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук

1. Юридикалык жакка өзүнүн фирмалык аталышын мыйзамга карама-каршы келбеген кандай болбосун ыкма менен (фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук), анын ичинде аны көрнөктөрүндө, бланктарында, эсептеринде жана башка документтеринде, кулактандырууларда жана жарнамада, товарларда же алардын таңгактарында, "Интернет" тарамында көрсөтүү жолу менен жекелештирүү каражаты катары пайдалануунун өзгөчө укугу таандык.

2. Фирмалык аталышка өзгөчө укукту тескөөгө (анын ичинде аны фирмалык аталышты пайдалануудан ажыратуу же башка жакка укугун берүү жолу менен) жол берилбейт.

3. Юридикалык жакка башка юридикалык жактын, мурда юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген фирмалык аталышына окшош фирмалык аталышын пайдаланууга жол берилбейт.

1105-статья. Юридикалык жактын фирмалык аталышын товардык белгиде же тейлөө белгисинде пайдалануу

Фирмалык аталыш же анын айрым элементтери укук ээси тарабынан ага таандык болгон товардык белгиде жана тейлөө белгисинде пайдаланылышы мүмкүн.

Товардык белгиге же тейлөө белгисине киргизилген фирмалык аталыш, товардык белгини же тейлөө белгисин коргоодон көз карандысыз корголот.

1106-статья. Фирмалык аталышка болгон өзгөчө укуктун колдонулушу

1. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук колдонулат.

2. Фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук юридикалык жак мамлекеттик катталган күндөн тартып пайда болот жана юридикалык жактын иши токтогондугуна же болбосо анын фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу токтотулат.";

9) 1107-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене.

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "аталыш" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "фирмалык аталыш" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4-берене. Өтмө жоболор

Ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органында катталган юридикалык жактарга карата жайылтылбайт.

Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган фирмалык аталыштар, анын ичинде лицензиялык келишим боюнча өзгөчө укуктар юридикалык жактын иши токтогонго же болбосо анын фирмалык  аталышы өзгөргөнгө чейин колдонулат.

Катталган фирмалык аталыштар, анын ичинде лицензиялык келишим менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттор тарабынан каралат.

5-берене.

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 183-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 27-февралындагы № 46 Мыйзамынын 8-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 5, 212-ст.);

- "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-июлундагы № 131 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 603-ст.);

- "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 27-январындагы № 19 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 19-ст.).

6-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 5-августунда N 68 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

2016-жылдын 15-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган