关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG163

返回

Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-июлундагы N 488 токтому менен
бекитилген

Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмдөрү жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы N 339, 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I бөлүм
Жалпы жоболор

1. Бул жобо "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн иштелип чыккан, ал автордук укук менен чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучу баардык уюмдардын автордук сый акы төлөө боюнча мамилелерин жөнгө салат.

2. Чыгармаларды жалпы эл алдында аткарууга, автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануунун башка түрлөрүнө уруксат берүү, автордук сый акыны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептөө жана жыйноо маселелери боюнча авторлордун (алардын укук мураскерлеринин) жана аткаруучулардын өкүлү болуп авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарган, авторлордон алынган ыйгарым укуктардын чегинде иш жүргүзгөн, адамдардын мыйзам менен корголуучу укуктары менен кызыкчылыктарын алардын атынан доо коюп, коргоого укуктуу уюм болушу мүмкүн.

Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу мындай уюмдар түзүлгөнгө чейин мындай милдетти интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары Кыргызпатент) аткарат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Автордук сый акынын ушул Жободо каралган өлчөмдөрү минималдуу болуп саналат жана, эгерде пайдалануучу менен автордун, анын укук мураскеринин же авторлордун мүлктүк укуктарын алардан алынган ыйгарым укуктардын чегинде башкаруучу уюмдун ортосундагы келишимде башкача каралбаганда колдонулат, жана сый акынын өлчөмү кызыкдар тараптардын ортосундагы талаштын предмети болбойт.

4. Автордук укук менен чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн менчигинин түрүнө жана укуктук-уюштуруу формасына карабастан автордук сый акы төлөөчү болуп чыгармаларды жалпы эл алдында аткарууну, автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануунун башка түрлөрүн ишке ашыруучу жана уюштуруучу ар бир жеке жана юридикалык тараптар эсептелет.

Анын ичинде сый акы төлөөчүлөргө төмөндөгүлөр кирет:

а) театрлар, кинотеатрлар, цирктер, филармониялар жана башка концерттик-сахна аянтчалары;

б) эфирдик жана кабелдик уктуруучу (көрсөтүүчү) уюмдар;

в) фонограмма чыгаруучулар, үн жазуу студиялары, уюлдук телефондор (рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыңгыроо обондорун таратуучулар ж.б.;

г) концерт, оюн-зоок иш-чараларын уюштуруучулар, продюсердик борборлор ж.б.;

д) көңүл ачуучу жайлар (видеосалондор, дискоклубдар, түнкү клубдар, казинолор ж.б.);

е) коомдук тамактануу ишканалары (ресторандар, барлар, кафелер, ашканалар, кире калмалар ж.б.);

ж) лицензияланган аудио-видеопродукцияларды, аудио-видеоаппаратураларды сатуу (прокатка берүү, алмашуу) боюнча адистештирилген соода ишканалары (анын ичинде соода павильону, чатыр дүкөнчөлөр, столдор, стенддер); соода залдарын радиолоштуруу үчүн фонограммаларды же уктуруучу уюмдардын берүүлөрүн пайдалануучу базарлар жана башка соода ишканалары;

з) мейманканалар, ден соолук комплекстери (стадиондор, парктар, спорт залдары, эс алуу үйлөрү, пансионаттар, санаторийлер, курорттор ж.б.);

и) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар (сулуулук салондору, чач тарачтар, косметикалык салондор, мода салондору ж.б.) жана жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрү;

к) автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучу дагы башка жеке жана юридикалык тараптар.

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августу N 339 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Бардык сый акы төлөөчүлөр автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу укугуна Кыргызпатент менен лицензиялык келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү. Лицензиялык келишимде автордук сый акынын өлчөмдөрү жана аны төлөөнүн мөөнөттөрү, тараптардын укуктары менен милдеттери, сый акы төлөө жана башка шарттар боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтер караштырылат. Төлөөчүлөр Кыргызпатенттин атайын укуктуу өкүлүнө төлөнүүчү автордук акынын эсептерин текшерүү үчүн, ошондой эле чыгармаларды эл алдында аткаргандык үчүн автордук акы төлөөгө тийиштүү бардык документтерди көрүү үчүн берүүгө; алар вткөргөн иш-чараларга Кыргазпатенттин өкүлдөрүн контролдук угуу (көрүү) үчүн акысыз киргизүүгө милдеттүү.

6. Тиешелүү сый акыны жыйноо, бөлүштүрүү жана аны авторлорго (алардын укук мураскерлерине) жана башка укук ээлерине төлөп берүү Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылат.

7. Автордук сый акыны жыйноо, эсептөө, бөлүштүрүү жана төлөө менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн акча чегерүүлөрдүн өлчөмү Кыргызпатенттин Авторлор кеңешинин чечими менен аныкталат.

8. Авторлордун, авторлоштордун, аткаруучулардын жана башка мүлктүк укук ээлеринин ортосунда сый акыны бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык милдеттенмелеринин негизинде Кыргызпатент иштеп чыккан жана бекиткен Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны бөлүштүрүүнүн Регламентине (мындан ары - Регламент) ылайык жүргүзүлөт.

9. Кыргызпатент колго тие элек сый акыны бөлүштүрүлүүчү суммага кошуу же автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин кызыкчылыгында башка максаттарга колдонуу менен ал уюмдун эсебине келип түшкөн күндөн баштап үч жыл бою сактоого акылуу.

10. Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин мыйзамсыз пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган граждандык, административдик жана кылмыш жоопкерчиликтерине алып келет.

II бөлүм
Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин жалпы эл алдында көрсөткөндүгү, жалпы эл алдында аткаргандыгы жана жалпыга маалымдап кабарлагандыгы үчүн автордук сый акыны эсептөөнүн жана алуунун тартиби

11. Чыгармалар жана программалар тикелей же техникалык каражаттардын (телевизор, радиокабылдагыч, музыкалык борбор, магнитофон жана башка музыкалык добуш чыгаруучулар) жардамы менен аткарылгандыгына карабастан көрүүчүлөр (келгендер) акы төлөп же бекер кирген бардык учурларда тең автордук сый акы эсептелинет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Автордук укук менен корголгон жана корголбогон чыгармалардан турган программаларды (анын ичинде драмалык чыгармаларды коштогон музыканы) жалпы эл алдында аткарууда автордук сый акы ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган толук өлчөмдө эсептелинет.

13. Ушул Жобонун 1-тиркемесинин 1-3-пунктарында көрсөтүлгөн, авторлоштор бөлүнгүс бир бүтүн чыгарма катары жараткан чыгарманы же ар бири өз алдынча мааниге ээ бөлүктөрдөн турган чыгарманы жалпы эл алдында аткаргандыгы үчүн автордук сый акыны бөлүштүрүү Регламенттин негизинде жүргүзүлөт.

Жалпы эл алдында аткаргандыгы үчүн автордук сый акы автордук укугу корголгон авторлошко (алардын укук мураскерлерине) гана эсептелинет. Авторлошторго эсептелинүүчү сый акынын өлчөмү Регламенттин негизинде аныкталат.

14. Эгерде жаңы жылдык балаты оюн-зоокторунун билетинин наркына белектердин наркы кошула турган болсо, анда сый акыны эсептөөдө белектин наркы сатылган билеттердин дүң жыйымынын суммасынан чыгарып салынат.

15. Көрүүчүлөр (келгендер) акы төлөп кирип, чыгарма жалпы эл алдында аткарылган учурда автордук сый акы төлөөчү болуп ишчараны (концертти, спектаклди) уюштуруучу эсептелет. Иш-чараны уюштуруучунун жалпы эл алдында аткарыла турган чыгарманы колдонууга укугу болушу үчүн анын лицензиялык келишими болушу керек.

Автордук сый акы ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган өлчөмдөр боюнча эсептелинет.

16. Көрүүчүлөр (келгендер) бекер кирип, чыгарма жалпы эл алдында аткарылган учурда автордук сый акы төлөөчү болуп иш-чараны (концертти, спектаклди, шоу-программаны ж.б.) уюштуруучу эсептелет. Автордук сый акынын суммасы лицензиялык келишимде (макулдашууда) каралган белгиленген өлчөмдөрдүн негизинде аныкталат.

17. Эгерде иш-чараны (концертти, спектаклди, шоупрограмманы ж.б.) уюштуруучу чыгарма жалпы эл алдында аткарылуучу имараттын (аянтчанын) ээси болбосо, анда аянтчанын ээси имаратты ижарага берүү жөнүндө келишим түзүүдө иш-чараны уюштуруучудан чыгармаларды колдонуу укугуна карата лицензиялык макулдашуусунун көчүрмөсүн талап кылышы керек. Иш-чараны уюштуруучунун лицензиялык келишими жок болуп, бирок имарат ижарага берилген учурда имараттын ээси автордук сый акы төлөнбөгөндүгү үчүн иш-чараны уюштуруучу менен бирдей эле жоопкер болот. 18. Эркин кирүүчү ачык жерлерде же ушул Жобонун 1-бөлүмүнүн 4-пунктунун е),ж), з), и) пунктчаларында көрсөтүлгөн жерлерде демейки үй-бүлөө чөйрөсүнө кирбеген адамдар көп катышкан эл алдында көрсөтүү, жалпы эл алдында аткаруу же жалпыга маалыматтоо болгон учурда сый акы төлөөчү болуп аянтчанын (имараттын, салондун ж.б.) ээси эсептелет. Автордук сый акынын суммасы белгиленген өлчөмдөрдүн негизинде аныкталат.

18-1. 1-бөлүмдүн 4-пунктунун д), е) пунктчалары боюнча ай сайын белгиленүүчү автордук сый акынын чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

С = Сб х Км х Кк х Ко х Кж, мында:

С - автордук сый акынын чени;

Сб - негизги чен;

Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти;

Кк - класстуулук коэффициенти;

Ко - "караоке" техникалык каражаттарынын жардамы менен музыкалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн коэффициент;

Кж - "жандуу" аткарууда музыкалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн коэффициент.

Сб = РП х N / 100, мында:

РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

N - отургузуучу орундардын саны.

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө анын төмөнкү райондордо жайгашуусуна жараша берилет:

Км = 2,5 - Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 2 - башка шаарлар же Чүй облусунун Аламүдүн жана Сокулук райондорунун жол бойлорунда жайгашкандар;

Км = 1,5 - Кыргыз Республикасынын калган калк отурукташкан пункттары.

Тейлөөнүн класстуулук коэффициенти (Кк) төлөөчүнүн менюсундагы тамактын орточо наркы боюнча эсептелет:

Кк = 4 - тейлөөнүн эң жогорку денгээли (1,6 РПдан жогору болгон тамактардын орточо наркы);

Кк = 3 - тейлөөнүн жогорку деңгээли (1 РПдан 1,6 РПга чейин);

Кк = 2 - тейлөөнүн орточо деңгээли (0,4 РПдан 1 РПга чейин);

Кк = 1 - тейлөөнүн эң төмөнкү деңгээли (0,4 РПдан төмөн), мында РП мыйзам менен белгиленген эсептик көрсөткүч.

"Караоке" техникалык каражаттарынын жардамы менен музыкалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн коэффициент (Ко):

Ко = 1 - "караоке" пайдаланылбаган учурда;

Ко = 2 - "караоке" пайдаланылган учурда.

"Жандуу" аткарууда музыкалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн коэффициент (Кж):

Кж = 1 - техникалык каражаттардын жардамы менен музыкалык чыгармалар пайдаланылган учурда;

Кж = 1,5 - "жандуу" аткарууда музыкалык чыгармалар пайдаланылган учурда.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

18-2. 1-бөлүмдүн 4-пунктунун ж) пунктчасы боюнча ай сайын белгиленүүчү автордук сый акынын чендеринин өлчөмү төмөнкү формула менен эсептелет:

С = Сб х Км, мында:

С - автордук сый акынын чени;

Сб - негизги чен;

Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти.

Сб = РП х Р / 100, мында:

РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

Р - музыкалык чыгарма пайдаланылуучу соода аянты (чарчы метр менен).

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө анын төмөнкү райондордо жайгашуусуна жараша ыйгарылат:

Км = 6 - Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 2 - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарлары, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары;

Км = 1 - Кыргыз Республикасынын башка калктуу конуштары.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

III бөлүм
Эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарында автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны эсептөөнүн жана алуунун тартиби

19. Эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдары автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акыны уюмдун жылдык жыйынды кирешесинен процент түрүндө төлөшөт, анын өлчөмү Лицензиялык келишим менен аныкталат жана ал ушул Жобонун 2-тиркемесинин 1-2-пунктарында каралган өлчөмдөрдөн төмөн болбошу керек.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Аткарууларды (оюн коюуларды) жалпыга маалыматтоо үчүн эфирге же кабель боюнча бергендиги үчүн авторлорго жана аткаруучуларга сый акы бөлүштүрүү Регламентине ылайык эсептелинет.

IV бөлүм
Автордук жана чектеш укуктардын обьектилерин үн жана видеожазуу жолу менен кайталап чыгаргандыгы, үн жана видеожазуулардын, аудиовизуалдык чыгармалардын (фонограммалардын жана видеофильмдердин) нускаларын прокатка бергендиги үчүн автордук сый акыны эсептөөнүн жана алуунун тартиби

21. Автордук сый акыны төлөөчү болуп автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин таратуу максатында аларды үн жана видеожазуу жолу менен кайталап чыгаруучулар, үн жана видеожазуулардын, аудиовизуалдык чыгармалардын (фонограммалардын жана видеофильмдердин) нускаларын прокатка берүүчү жеке жана юридикалык тараптар эсептелет.

22. Ушул Жобонун 3-тиркемесиндеги өлчөмдөр боюнча автордук сый акы эсептелинүүчү автордук жана чектеш укуктардын обьектилери болуп жалаң гана аудиовизуалдык жана музыкалык чыгармалар болбостон, ЭЭМ үчүн интерактивдүү типтеги программалар ("мультимедиа"), компьютердик оюндар, окутуучу программалар жана башка ЭЭМ үчүн программалар эсептелет.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

22-1. Чекене соода (уюлдук телефондор үчүн обондорду көчүрүп алуу пункттары) аркылуу рингтон, реалтон, рингбэктон формасында музыкалык чыгармаларды жайылткандыгы үчүн автордук сый акынын ай сайын белгиленүүчү ченинин өлчөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:

С = Сб х Км, мында:

С - автордук сый акынын чени;

Сб - негизги чен;

Км - төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти.

С = РП х N, мында:

РП - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эсептик көрсөткүч;

N - көчүрүп алуу үчүн аппараттардын (компьютерлердин) саны.

Төлөөчүнүн жайгашкан жеринин коэффициенти (Км) төлөөчүгө анын төмөнкү райондордо жайгашуусуна жараша берилет:

Км = 6 - Бишкек жана Ош шаарлары;

Км = 3 - башка шаарлар;

Км = 1,5 - Кыргыз Республикасынын башка калктуу конуштары.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

V бөлүм
Архитектуранын, шаар курулушунун, сейил бак, көркөм сүрөт жана декоративдик-прикладдык искусство чыгармаларын, фотосүрөт чыгармаларын жана аудио-визуалдык чыгармалардан кадрларды кайталап чыгаргандыгы жана аларды өнөр жайында нускалагандыгы (колдонгондугу) үчүн автордук сый акыны эсептөөнүн жана алуунун тартиби

23. Көркөм сүрөт жана декоративдик-прикладдык искусство чыгармаларын, фотосүрөт чыгармаларын жана аудио-визуалдык чыгармалардан кадрларды кайталап чыгаргандыгы жана аларды өнөр жайында нускалагандыгы үчүн автордук сый акы аларды жараткандыгы үчүн төлөнүүчү автордук сый акыдан тышкары өзүнчө төлөнөт.

Мындай чыгармаларды жараткандыгы үчүн автордук сый акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

24. Автордук сый акыны төлөөчү болуп архитектуранын, шаар курулушунун, сейил бак, көркөм сүрөт жана декоративдик-прикладдык искусство чыгармаларын, фотосүрөт чыгармаларын жана аудио-визуалдык чыгармалардан кадрларды кайталап чыгаруучу жана аларды өнөр жайында нускалоочу юридикалык же жеке тарап эсептелет.

25. Автордук сый акынын өлчөмү ушул Жобонун 4-тиркемесинде каралган өлчөмдөр боюнча аныкталат, ал эми декоративдик-прикладдык искусство чыгармаларын тиричилик багытындагы буюмдарда (сервиздер, жерге коюлуучу вазалар, чакан тарелкалар, чөйчөктөр, шамдар, идиштер, кийим илгичтер, күзгүлөр ж.б.), сувенир буюмдарында, жана галантереялык майда буюмдарда, токуучулук жана текстилдик галантерея, килем буюмдарында, трикотаж буюмдарында чагылдыргандыгы үчүн автордук сый акынын өлчөмү сый акы төлөөчү менен автордун ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде аныкталат.

 

 

 

1-тиркеме

Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин жалпы эл алдында пайдалангандыгы үчүн автордук сый акынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

N

Чыгарманын түрү

Спектаклге, концертке (ж.б. программаларга) сатылган билеттерден түшүүчү дүң жыйымдардын суммасынан про- цент менен коюлуучу авторду сый акынын өлчөмдөрү

1

2

3

1

Жаңы жана которулган драмалык чыгар- малар (кара сөз жана ыр менен жазыл- ган пьесалар, балдар үчүн пьесалар, куурчак менен аткарылуучу пьесалар)

15

2

Сахналаштыруу (инсценировкалоо)

10

3

Музыкалык-драмалык чыгармалар (опера, оперетта, музыкалык комедия, мюзикл, балет)

15

4

Симфониялык, вокалдык-симфониялык, камералык чыгармалардан жана эл ас- паптары үчүн чыгармалардан концерт

9 (бүт программа үчүн)

5

4-пунктта көрсөтүлгөндөрдөн бөлөк чыгармалардан концерттер, анын ичинде эстрадалык концерттер (театр- лаштырылган жана жаңы жылдык балаты оюн-зооктор, бал, варьете программалары ж.б.)

6 (бүт программа үчүн)

7

Цирк программасы

2 (бүт программа үчүн)

8

Акы төлөп кирүүчү спорт мелдештерин, спортсмендердин көрсөтмө мелдештерин, мода көрсөтүүлөрдү коштоо катары музыкалык чыгармаларды пайдалангандыгы үчүн

3 (бүт программа үчүн)

9

Акы төлөп кирүүчү бий аянтчаларында, дискотекаларда, клубдарда, барларда, кафелерде, ресторандарда жана башка коомдук жерлерде музыкалык чыгарма- ларды аткаргандыгы үчүн

5 (бүт программа үчүн)

10

Ушул Жобонун 1-бөлүмүнүн 4-пунктунун д), е), ж), з), и) пунктчаларында көрсөтүлгөн пайдалануучулардын му- зыкалык чыгармаларды колдонгондугу үчүн белгиленген (макулдашылган) өлчөмдө

 

11

Аудиовизуалдык чыгармалар үчүн атайын түзүлгөн музыкалык чыгармаларды (тексти менен же тексти жок) кинотеатрларда пайдалангандыгы үчүн

1

 

 

 

2-тиркеме

Эфирдик жана кабелдик уктуруучу уюмдарда автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн автордук сый акынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомунун редакциясына ылайык)

N

Пайдаланылган чыгарманын түрү

Жылдык жыйынды кирешеден пайыз менен коюлуучу автордук сый акынын өлчөмдөрү

1

2

3

1

Эфирдик уктуруунун (радио, теле- көрсөтүү) берүүлөрүндө автордук жана чектеш укуктардын объектиле- рин пайдалангандыгы үчүн, анда уктурулган музыкалык чыгармалардын үлүшү уктуруунун жалпы көлөмүнүн 50 %нен азын түзсө, 50 %нен көбүн түзсө

12

2.

Кабелдик телекөрсөтүүнүн берүүлө- рүндө автордук жана чектеш укук- тардын объектилерин пайдаланган- дыгы үчүн

3

 

 

 

3-тиркеме

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин уюлдук телефондор (рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыңгыроо обондору формасында үн- жана видеожазуу (фонограммалар жана видеофильмдер) жолу менен кайра чыгаруу жана жайылтуу үчүн, үн-жана видеожазуу (фонограммалар жана видеофильмдер) нускаларын жана прокатка берилүүчү компьютердик программаларга интерактивдүү типтеги ("мультимедиа") программаларды берүү үчүн автордук сый акылардын
ЧЕНДЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы N 339, 2013-жылдын 27-майындагы N 280 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

N

Пайдаланылган чыгарманын түрү

Автордук сый акынын өлчөмү процент менен

1

2

3

1.

Автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилерин сериялап даярдоодо аларды кайталап чыгаруу

8-чыгарылган ар бир нуска- нын сатыкка чыгарылгандагы баасынан (сактагычка (носителге) жазылган чыгармалардын санына карабастан)

2.

Үн жана видеожазуулардын (фонограмма- лардын, видеофильмдердин) нускаларын прокатка берүү

8-үн жазуулардын нускала- рын прокатка берүүдөн алынган кирешеден

3.

Автордук укук объектилерин уюлдук телефондор (рингтондор, ринбэктондор, реалтондор) үчүн шыңгыроо обондору формасында жайылтуу:

 

 

- Интернет жана уюлдук байланыш операторлору аркылуу жайылтууда;

10 - чыгармаларды жайылтуунун ар бир учуру үчүн берүү базасынан;

 

- чекене соода (уюлдук телефондор үчүн обондорду көчүрүп алуу пункттары) аркылуу жайылтууда

белгиленген өлчөм

Эскертүү: Сатыкка чыгарылгандагы баа деп, үн жазууларынын нускаларына даярдоочу тарабынан сатуу үчүн коюлган баа эсептелет.

Киреше деп жекече кардардан (клиенттен) алынган сумма эсептелет.

 

 

 

4-тиркеме

Архитектуранын, шаар курулушунун, сейил бак, көркөм сүрөт жана декоративдик-прикладдык искусство чыгармаларын, фотосүрөт чыгармаларын, аудио-визуалдык чыгармалардын кадрларын кайталап чыгаргандыгы жана аларды өнөр жайында нускалагандыгы (колдонгондугу) үчүн автордук сый акынын
ӨЛЧӨМДӨРҮ

N

Көркөм сүрөт искусство чыгармаларынын түрлөрү

Буюмдардын партиясынын сатыкка чыгарылган баасынан процент менен коюлуучу автордук сый акынын өлчөмдөрү

1

2

3

1

Майда пластикалар менен миниатюрдук скульптуранын чыгармалары, скульптура чыгармалары

1

2

Көркөм сүрөт искусствосунун чыгар- малары, анын ичинде өнөр жай буюм- дарындагы (сувенирлерде, галантерея буюмдарында, текстиль жана трикотаж буюмдарында ж.б.) аудио-визуалдык чыгармалардан фотолор жана кадрлар

0.5