关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决书 按司法管辖区搜索

吉尔吉斯斯坦

KG263

返回

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 токтому менен бекитилген, жана КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

 Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 747 токтому менен бекитилген, КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29- ноябрындагы № 747 токтому менен бекитилген

Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун ТАРТИБИ

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор 1. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоонун жана каттоонун тартиби

(мындан ары - Тартип) "Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасында патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоону жана каттоону ишке ашыруунун эрежелерин жана жол-жоболорун белгилейт.

2. Мыйзамга ылайык патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) аттестациялоо жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Кыргызпатент) тарабынан жүргүзүлөт.

3. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоо патенттик ишенимдүү өкүлдөр катары каттоого талапкер болуп жатышкан патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлердин кесиптик ишти ишке ашырууга даярдыктарын аныктоо үчүн алар билдирген чектөөлөрдү эске алуу менен берилген документтерди текшерүү жана аттестациялык экзамен түрүндө өткөрүлөт.

4. Талапкерлерди аттестациялоо, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү кошумча аттестациялоо Кыргызпатент тарабынан аттестациялоо жөнүндө арыздардын келип түшүү өлчөмү боюнча, белгиленген алым төлөнгөн шартта жүргүзүлөт.

Талапкерлерди патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнө аттестациялоо Кыргызпатентте арыз катталган учурдан тартып жылдын ичинде өткөрүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Аттестациялоону өткөрүүнү уюштуруу 5. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациялоону өткөрүү үчүн

Кыргызпатенттин жетекчиси Кыргызпатенттин жана анын ведомствосуна караштуу

түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана жогорку квалификациялуу адистеринин курамындагы аттестациялык жана апелляциялык комиссияларды дайындайт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Аттестациялык жана апелляциялык комиссиялардын сандык жана жеке курамдары, алардын иштөө мөөнөттөрү жана тартиби Кыргызпатенттин жетекчиси тарабынан бекитилет.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Аттестациялык комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, комиссия мүчөлөрүнөн жана катчыдан турат.

8. Аттестациялык комиссиянын жыйыны эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен аз эмес бөлүгү катышса укуктуу болуп эсептелет. Чечимдер комиссиянын жыйынына катышып отургандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда аттестациялык комиссиянын төрагасынын же төраганын милдетин аткарган учурда анын орун басарынын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет.

9. Аттестациялык комиссия: - аттестациялык экзаменди өткөрүүнүн тартибин бекитет; - аттестациялык экзамендин тапшырмаларын бекитет; - экзамен алуучуларды дайындайт; - аттестациялоо жөнүндө арыздарды карап чыгат жана аттестациялык

экзаменге уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат; - аттестациялык экзаменди өткөрүүнү уюштурат; - тестирлөөнүн жыйынтыктарын карап чыгат жана талапкерлерге экзаменге

кирүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат; - аттестациялык экзамендин жыйынтыктарын карап чыгат жана аттестациялоо,

ишин чектөө менен аттестациялоо же Мыйзамдын 7-беренесинин талаптарын эске алуу менен талапкерлердин аттестациядан өтпөй калгандыгы жөнүндө чечим кабыл алат;

- Кыргызпатенттин жетекчисине жыйындардын протоколдорун жана талапкерлерди аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча аттестациялык комиссиянын чечимдерин көрсөтөт.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

10. Апелляциялык комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, комиссия мүчөлөрүнөн жана катчыдан турат.

11. Апелляциялык комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен аз эмес бөлүгү катышса укуктуу болуп эсептелет. Чечимдер комиссиянын жыйынына катышып отургандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда аттестациялык комиссиянын төрагасынын же төраганын милдетин аткарган учурда анын орун басарынын добушу чечүүчү добуш болуп эсептелет.

12. Апелляциялык комиссия төмөндөгүлөрдү карайт: - аттестациялануучулардын аттестациялык, комиссиянын чечимдерине

даттанууларын; - кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгына байланыштуу

патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн аракеттерине карата адамдардын арыздарын. 13. Мыйзамдын 5-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүктөрүнүн 1-3-

пункттарынын талаптарына жооп берген, патенттик ишенимдүү өкүл катары кесиптик ишин ишке ашырууга даярдыгы бар жана аттестациялоо жөнүндө арыз менен Кыргызпатентке кайрылууга укугу бар адам талапкер боло алат.

14. Патенттик ишенимдүү өкүлгө талапкер Кыргызпатентке белгиленген форма боюнча (1-тиркеме) аттестациялоо жөнүндө арыз берет.

Арызга төмөндөгүлөр тиркелет: - тиешелүү жогорку билими жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн дипломдун

көчүрмөсү; - талапкерди кошумча мүнөздөөчү башка документтер (эмгек китепчесинин

белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, мүнөзү, өнөр жай менчигин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо тармагындагы иштеринин көлөмү жана натыйжалуулугу же кесиптик укуктук өкүлчүлүгү жөнүндөгү маалыматтарды камтыган талапкердин иштеген жеринен алынган мүнөздөмө), эгерде ушундайлар бар болсо;

аттестациялоо үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Эгерде талапкер экзамен бергенге чейин өнөр жай менчигинин жана селекциялык жетишкендиктердин айрым бир объектилери же кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым бир түрлөрү боюнча чектөөлөр туурасында билдирген болсо, анда экзамен ошол чектөөлөрдү эске алуу менен кабыл алынат.

16. Аттестациялык комиссия патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлердин көрсөтүлгөн документтерин карап чыгып, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга укуктуу:

- эгерде талапкер тарабынан арыздын формасынын бардык графалары толтурулбаган болсо, же экзаменге киргизүү үчүн зарыл болгон кандайдыр бир документ көрсөтүлбөгөн болсо, же көрсөтүлгөн документтердин жана маалыматтардын далилдүүлүгүнөн шектенүү болсо, аттестациялык комиссиянын төрагасы же анын орун басары талапкерге аны алган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде аттестациялык комиссияга жетишпеген документтерди, көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастоочу маалыматтарды же документтерди көрсөтүү сунушу менен сурам жөнөтөт. Эгерде талапкер көрсөтүлгөн мөөнөттө бул маалыматтарды жана документтерди бербесе, арыз берилген жок деп таанылат;

- эгерде патенттик ишенимдүү өкүлгө талапкер Мыйзамдын 5-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүктөрүнүн 1-3-пункттарынын талаптарына ылайык келбесе, аттестациялык комиссия талапкерди экзаменге киргизбөө тууралуу чечим кабыл алат.

Арызды берилген жок деп таануу жөнүндө же патенттик ишенимдүү өкүлгө талапкерди экзаменге киргизбөө жөнүндө аттестациялык комиссиянын чечими ал

чыгарылган күндөн тартып 3 айдын ичинде апелляциялык комиссияга даттанылышы мүмкүн.

Апелляциялык комиссия ал келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде даттануу боюнча чечим кабыл алат.

17. Аттестациялык жана апелляциялык комиссиянын чечими менен экзаменге киргизилбеген жана ушул Тартиптин 15-пунктунун негизинде арыздары берилген жок деп таанылган талапкерлер аттестациялык комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып 6 (алты) айдан кем эмес мөөнөт өткөндөн кийин же апелляциялык комиссия чечим кабыл алган учурдан тартып аттестациялоо жөнүндө кайрадан арыз бере алышат.

18. Экзаменге киргизилбеген жана арыздары берилген жок деп таанылган талапкерлерге алар тарабынан төлөнгөн алым алардын арызы боюнча кайтарылып берилет.

19. Берилген документтер жана талапкердин Мыйзамдын 5-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүктөрүнүн 1-3-пункттарынын талаптарына ылайык келгендиги боюнча эскертүүлөр жок болгон учурда, ал экзаменге кирүүгө уруксат алат жана аттестациялык комиссия тарабынан экзаменге чейин кеминде эки жума мурда өтө турган жер жана убакыт жөнүндө маалымат берилет.

Аттестациялык экзамен бере турган күнү талапкер өзү менен паспортун же аны алмаштыруучу, анын ким экендигин тастыктаган документти ала келүүгө тийиш.

3. Аттестациялык экзаменди өткөрүү 20. Аттестациялык экзамен эки этаптан турат: тестирлөөдөн жана экзаменден. 21. Аттестациялык комиссиянын төрагасы жана анын орун басары

аттестациялык экзамен берүү үчүн патенттик ишенимдүү өкүлдөргө талапкерлердин топторун түзөт.

22. Тестирлөө аттестациялык комиссия тарабынан иштелип чыккан тесттердин базасында өткөрүлөт.

Тестирлөө бланкалык негизде ишке ашырылат жана бир нече варианттарды караштырат.

Жооптордун тууралыгын текшерүү аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

23. Тестирлөөнүн жүрүшүндө талапкер анын анкеталык маалыматтары жана суроолорго жооптору чагылдырылган атайын "Жооптор баракчасын" толтурат.

Тесттеги суроолордун саны талапкер тарабынан билдирилген иштин чектөөлөрүнөн келип чыгат, аттестациялык комиссия тарабынан аныкталат.

24. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн талапкерине тесттин 30 суроосуна жооп берүү үчүн 40 минут берилет. Тесттен өтүп жаткан адам ар бир суроого сунушталган жооптордун варианттарынын ичинен бирөөнү гана тандоого тийиш. Мында сунушталган варианттардын ичинен бирөө гана туура жооп болуп эсептелет.

25. Эгерде тесттен өтүүчү талапкер 20дан кем эмес суроого жооп берген болсо, тестирлөөнүн натыйжасы оң деп эсептелет.

26. Тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлүп, ага аттестациялык комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

Тестирлөөнүн жыйынтыктарынын протоколунун негизинде аттестациялык комиссия тарабынан талапкерди аттестациялык экзаменге киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

27. Тестирлөөнүн жыйынтыктары тестирлөө убактысынан тартып 2 күндөн кеч эмес мөөнөттө чыгарылат жана тестирлөөнүн жыйынтыктары чыгарылган мезгилден тартып үч күндүн ичинде талапкерге кабарланат.

28. Экзамен төмөнкү багыттар боюнча иштин билдирилген түрлөрүнө ылайык аттестациялык комиссия тарабынан бекитилген экзамендик тапшырмалар боюнча жүргүзүлөт:

- ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер; - өнөр жай үлгүлөрү; - товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин

аталыштары; - селекциялык жетишкендиктер. Талапкер жогоруда саналган иш багыттарынын ичинен тандалып алынган ар

бир түрү боюнча бир экзамендик билет боюнча тапшырат. Суроолорго жооптор жана төрт теориялык суроодон жана бир практикалык

маселеден турган экзамендик билеттердин тапшырмаларынын аткарылышы суммаланып беш баллдуу система боюнча бааланат. Экзаменге жалпы баа орточо арифметикалык баадан чыгарылат, мында өтө турган балл 3,7 ден кем эмес баллды түзөт.

Даярдануу үчүн убакыт талапкер билдирген келечектеги ишинин чектөөлөрүнүн көлөмүнө жараша аттестациялык комиссиянын төрагасы тарабынан белгиленет жана 120 минутадан ашпоого тийиш.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

29. Экзамендик билетке даярдануу процессинде талапкерлердин сүйлөшүүлөрүнө жана басма материалдарды жана жазууларды пайдалануусуна жол берилбейт.

Ушул пункттун талаптарын билип туруп бузган учурда, талапкер тапшырманы аткаруудан четтетилет жана экзаменди канааттандырарлык эмес баага тапшырды деп таанылат.

30. Талапкер жүйөлүү себептер менен белгиленген убакытта экзаменге келбей калган учурда, ага экзамен өткөрүүнүн башка убактысы жөнүндө кабардандырылат. Экинчи жолу белгиленген убакытта экзаменге келбей калган учурда, талапкер экзаменди канааттандырарлык эмес баага тапшырды деп таанылат.

31. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү билдирилген чектөөлөргө ылайык теориялык жана практикалык мүнөздөгү кошумча суроолорду берүүгө укуктуу.

32. Аттестациялык комиссия талапкердин экзамендик билет жана кошумча суроолор боюнча берген жоопторунун жыйынтыктарына карата добуш берүү аркылуу экзамендин канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес натыйжасы (ишинин чектелиши менен же чектөөсүз) жөнүндө чечим чыгарат.

33. Канааттандырарлык эмес натыйжа аттестациялык комиссия тарабынан чечим чыгарылган күндөн тартып үч айдын ичинде апелляциялык кеңешке даттанылса болот.

Апелляция ал келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат. 34. Апелляциялык комиссия зарылдыгына жараша талапкердин жана

аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн түшүндүрмөлөрүн суроого жана апелляциянын карап чыгуусунун натыйжасында төмөндөгү чечимдердин бирин кабыл алууга укуктуу:

а) аттестациялык комиссиянын чечимин күчүндө калтырууну; б) аттестациялык комиссиянын чечимин жокко чыгарууну; в) кайрадан аттестациялоону дайындоону. 35. Аттестациялык комиссиянын чечими боюнча экзаменди канааттандырарлык

эмес натыйжа менен берген талапкерлер аттестациялык комиссия чечим кабыл алган учурдан тартып алты ай өткөндөн кийин аттестацияга кирүүгө уруксат алышы мүмкүн.

Эгерде апелляциялык комиссияга даттанылган аттестациялык комиссиянын чечими күчүндө калтырылса, мындай учурда жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт апелляциялык комиссия чечим чыгарган датадан тартып эсептеле баштайт.

36. Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкер патенттик ишенимдүү өкүл катары катталууга укуктуу.

37. Кошумча аттестациялоо (патенттик ишенимдүү өкүл өз ишин чектөөдөн баш тарткан учурда) ушул бөлүктө караштырылган тартипте алым төлөнгөн шартта аттестация жөнүндө арыздын келип түшүүсү боюнча ишке ашырылат.

38. Кайталап аттестациялоо жүргүзүү (апелляциялык комиссиянын дайындоосунда) ушул бөлүктө караштырылган тартипте, апелляциялык комиссия чечим чыгарган күндөн тартып, алты айдын ичинде жүргүзүлөт.

4. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү каттоо 39. Оң натыйжа менен экзамен тапшырган адамдар каттоо жөнүндө арыздын

негизинде аны берген күндөн тартып бир айдын ичинде жана белгиленген алым төлөнгөн шартта Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн мамлекеттик реестрине (мындан ары Реестр) катталышат.

40. Каттоо жөнүндө арыз белгиленген формада (2-тиркеме) Кыргызпатентке берилет.

Арызга төмөндөгүлөр тиркелет: - аттестациялоо жөнүндө чечим; - каттоо үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ. 41. Каттоо жөнүндө берилген документтердин негизинде Кыргызпатент

документтер келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө Реестрге зарыл маалыматтарды киргизет жана патенттик ишенимдүү өкүлгө белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү (мындан ары - күбөлүк) берет.

42. Реестрдеги жазуу төмөндөгү маалыматтарды камтыйт: - күбөлүктүн номери болуп кызмат кылуучу, каттоо номери; - патенттик ишенимдүү өкүлдүн фамилиясы, аты-жөнү; - туруктуу жашаган жери; - аттестациялык комиссиянын чечиминин номери жана датасы; - ишин чектөөлөр;

- жалдоо боюнча патенттик ишенимдүү өкүлдүн иши жөнүндө маалыматтар; - кат алышуу үчүн дарек (Кыргыз Республикасынын чегинде), ошондой эле

телефонунун, факсынын номери, электрондук почтасынын дареги, эгерде андайлар бар болсо, кат алышуу тилдери;

- патенттик ишенимдүү өкүлдү каттоонун датасы; - күбөлүк берилгендиги жөнүндө маалыматтар. 43. Патенттик ишенимдүү өкүл катары каттоодон Кыргызпатент төмөндөгүдөй

учурларда баш тартат: - Мыйзамдын 5-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүктөрүнүн 1-3-

пункттарына ылайык, каттоого жолтоо болуучу кырдаалдар пайда болгондо; - каттоо үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ

көрсөтүлбөгөндө. 44. Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган адамдарга, алар

тарабынан каттагандыгы үчүн төлөнгөн алым алардын арызы боюнча кайтарылып берилет.

45. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн кесиптик ишин ишке ашыруу укугу аны Реестрге каттаган датадан тартып пайда болот.

46. Мыйзамдын жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык патенттик ишенимдүү өкүлдөр катарында катталбаган адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишинде "патенттик ишенимдүү өкүлдөр" аталыштарын пайдаланууга укуксуз.

47. Патенттик ишенимдүү өкүлдү каттоо жөнүндө Кыргызпатенттин расмий басылмаларында жарыялоо жүргүзүлөт. Жарыялануучу маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан аныкталат.

48. Реестрди жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүлөр киргизилет: - патенттик ишенимдүү өкүл жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөр жана

толуктоолор (белгиленген алым төлөнгөн шартта); - патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишинде табылган укук бузууларды токтотууга,

четтетүүгө багытталып кабыл алынган чаралар жөнүндө белгилөөлөр; - патенттик ишенимдүү өкүлдү реестрден чыгаруу жөнүндө маалымат. 49. Патенттик ишенимдүү өкүл Кыргызпатент тарабынан төмөндөгүлөрдүн

негизинде реестрден чыгарылат: - патенттик ишенимдүү өкүлдүн жеке арызы; - патенттик ишенимдүү өкүлдүн Кыргыз Республикасынын жарандыгын, анын

ичинде туруктуу жашап турган жерин (башкача айтканда бир жылдан ашык убакытка чет өлкөдө болуусу) жана Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык дарегин жоготуусу же Мыйзамдын 5-беренесинин экинчи бөлүгүндө караштырылган кырдаалдардын пайда болушу;

- Кыргызпатентке патенттик ишенимдүү өкүл берген маалыматтарынын же документтеринин чындыкка ылайык келбегендигинин табылышы;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна ылайыксыз аракеттерине кардардын же адамдын бөлүп даттануусун карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча апелляциялык комиссиянын чечими;

__________________________

- Мыйзамда караштырылган укуктар менен милдеттенмелерди патенттик ишенимдүү өкүлдүн кыянатчылык менен пайдалануусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кесиптик этиканын эрежелерин дайыма жана одоно бузуу фактыларын карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча апелляциялык комиссиянын чечими;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишин үч жыл бою жүргүзүлбөгөндүгү; - патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишин жүргүзүүдө тыюу салуу же мындай ишти

жүргүзүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу башка жаза тууралуу соттун чечиминин күчүнө кириши;

- патенттик ишенимдүү өкүлдүн дүйнөдөн кайтышы жөнүндө күбөлүк. Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча патенттик ишенимдүү өкүл Реестрден

чыгарылганда күбөлүк күчүн жоготот жана Кыргызпатентке тапшырылууга тийиш. Патенттик ишенимдүү өкүл Реестрден чыгарылгандыгы жөнүндө маалымат

Кыргызпатент тарабынан чыгаруунун себептерин көрсөтүү менен расмий басылмаларда жарыяланат.

50. Ага карата коюлган талаптар патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан бузулган учурда, Кыргызпатент тарабынан Мыйзамдын 13-беренесинин үчүнчү бөлүгүндө караштырылган чаралар колдонулушу мүмкүн.

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (Кыргызпатент) жетекчисине

жаран ____________________ (аты-жөнү)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

АРЫЗ

Мени патенттик ишенимдүү өкүл катары аттестациялоодон өткөрүүңүздү суранамын.

Өзүм жөнүндө төмөнкү маалыматтарды билдирем: 1. Жарандыгы _____________________________________________________ 2. Туулган датасы ________________________________________________ 3. Туруктуу жашаган жери _________________________________________

___________________________________________________________________ ____ ______________________________________________________________________

___________________________________________________________________ ____

___________________________________________________________________ ____

____________________________________________________________

___________________________________________________

______________________________________________________________________

4. Билими (кайсы жогорку окуу жайын жана качан бүтүргөн): ________

_ 5. Мамлекеттик жана чет тилдерди билүүсү _________________________ 6. Компьютерде иштей билүүсү _____________________________________ 7. Патенттик ишенимдүү өкүл катары келечектеги ишмердүүлүгүн чектөө (көрсөтүү керек: "....тышкары", ".....гана" же "чектөөсүз") ____

8. Азыркы учурда иштеген жери жана ээлеген кызмат оруну __________

9. Кат алышуу үчүн дарек (Кыргыз Республикасынын чегинде), телефону ж.у.с.

10. Паспорттук маалыматтары (номери, сериясы, берилген датасы, ким тарабынан берилген)

Арызга төмөнкүлөрдү тиркеймин: 1. Жогорку билим жөнүндөгү дипломдун (дордун) көчүрмөсү ___________

баракта. 2. Талапкерди кошумча мүнөздөөчү башка документтер (белгиленген тартипте

күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен жазып алуулар, мүнөзү, өнөр жай менчигин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо тармагындагы ишинин көлөмү жана натыйжалуулугу же адистик укуктук өкүлчүлүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган, талапкердин иштеген жеринен алынган мүнөздөмө жана башка документтер), эгерде алар бар болсо: _______________________

_ 3. __________________________________________ өлчөмүндө аттестациялоо үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу

документ.

"__" ____________ 20__-ж. ___________ (колу)

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу

_______________________

_____________________________________________________________

___________________________________________________________________ ____

мамлекеттик органынын (Кыргызпатент) жетекчисине

жаран _________________ (аты-жөнү)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

АРЫЗ Мени патенттик ишенимдүү өкүл катары каттоону суранамын. Өзүм жөнүндө төмөнкү маалыматтарды билдирем: 1. Жарандыгы _____________________________________________________ 2. Туруктуу жашаган жери _________________________________________ 3. Аттестациялоо датасы __________________________________________ 4. Кат алышуу үчүн дарек (Кыргыз Республикасынын чегинде), телефону ж.у.с.

5. Кат алышуучу тилдер: __________________________________________ 6. Азыркы учурда иштеген жери жана ээлеген кызмат оруну __________

Арызга тиркеймин: 1. Аттестациялоо жөнүндө аттестациялык комиссиянын чечими. 2. ____________________________ өлчөмүндө аттестациялоо үчүн белгиленген алымдын төлөнгөндүгүн тастыктоочу

документ.

"__" ____________ 20__-ж. ___________ (колу)