КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015жылдын 20июлу № 178
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1берене.
"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007ж., № 79, 685ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 11статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11статья. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
Ушул Мыйзам салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди, анын ичинде өлкөнү андан ары туруктуу өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый мурасы жана кенчи болуп саналган салттуу билимдерди пайдалануудан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган генетикалык ресурстарды (мындан ары салттуу билимдер) пайдалануу менен салттуу билимдерди бекемдейт.
3. 2статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"фонд ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдүн негизинде жеке жана юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү же башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн мүчөлүгү болбогон уюм.".
4. 4статья күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 6статьяда:
экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарына жеке жана юридикалык жактардын өздөрү, ошондой эле алар тарабынан аныкталуучу өкүлдөр да өкүлчүлүк кылышы мүмкүн.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4бөлүк менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана салттуу билимдерди укуктук коргоого таандык болгон башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.".
6. 7статьяда:
расмий тилдеги тексттин 4бөлүгүндө "совместно" деген сөз алып салынсын;
6бөлүгүндө "Мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан" деген сөздөр "Мамлекеттик органдарга жана мекемелерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 8статьянын 7бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
8. 9статьянын 1бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр алып салынсын.
9. 11статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11статья. Салттуу билимдерди каттоо жана күбөлүк берүү
Салттуу билимдерди каттоо жана маалыматтарды киргизүү алым төлөнгөн шартта оң чечимдин негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары Реестр) салттуу билимдерди колдонуу укугун каттоо же берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү тартиби жана анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Салттуу билимдин ээлеринин каалоосу боюнча Реестрге киргизилген салттуу билимдерди каттоого таандык болгон маалыматтар Реестрге киргизилген датадан тартып үч айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Жарымжартылай жарыялануучу же жарыяланбоочу салттуу билимдер купуялуулук режиминде сакталат.
Алым өтүнмө ээси салттуу билимди каттоо жана/же аны пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечимди алган датадан тартып эки айдын ичинде төлөнөт.
Салттуу билим кимдин атына катталса жана/же салттуу билимди пайдалануу укугу кимге берилсе ошол өтүнмө ээлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк белгиленген тартипте берилет. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Күбөлүк берүү расмий бюллетенде жарыялангандан кийин эки айдын ичинде жүргүзүлөт.".
10. 12статьяда:
1бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күбөлүк өтүнмө берилген датадан тартып он жыл өткөнгө чейин күчүндө болот.";
6бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
11. 14статьяда:
1бөлүгүндө ", салттуу билимди ыйгарым укуктуу органында каттаткан" деген сөздөр алып салынсын;
2бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Келишим белгиленген алымды төлөөнү жүзөгө ашыруу шартында катталууга жатат.".
12. 15статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15статья. Алымдар
Салттуу билимди каттоо же пайдалануу укугун берүү менен байланышкан юридикалык маанилүү аракеттерди жасаганы үчүн алымдар төлөнөт.
Аларды жасаганы үчүн алымдар алынган аракеттердин тизмеги, алардын өлчөмдөрү жана төлөө мөөнөттөрү, ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотуунун, алардын өлчөмдөрүн азайтуунун жана кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Алымдар өтүнмө ээси, күбөлүктүн ээси же алар менен макулдашуу боюнча кандай гана болбосун жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнөт.".
13. 16статьянын 2бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу органга караштуу" деген сөздөр алып салынсын.
2берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев