关于知识产权 知识产权培训 树立尊重知识产权的风尚 知识产权外联 部门知识产权 知识产权和热点议题 特定领域知识产权 专利和技术信息 商标信息 工业品外观设计信息 地理标志信息 植物品种信息(UPOV) 知识产权法律、条约和判决 知识产权资源 知识产权报告 专利保护 商标保护 工业品外观设计保护 地理标志保护 植物品种保护(UPOV) 知识产权争议解决 知识产权局业务解决方案 知识产权服务缴费 谈判与决策 发展合作 创新支持 公私伙伴关系 人工智能工具和服务 组织简介 与产权组织合作 问责制 专利 商标 工业品外观设计 地理标志 版权 商业秘密 WIPO学院 讲习班和研讨会 知识产权执法 WIPO ALERT 宣传 世界知识产权日 WIPO杂志 案例研究和成功故事 知识产权新闻 产权组织奖 企业 高校 土著人民 司法机构 遗传资源、传统知识和传统文化表现形式 经济学 金融 无形资产 性别平等 全球卫生 气候变化 竞争政策 可持续发展目标 前沿技术 移动应用 体育 旅游 PATENTSCOPE 专利分析 国际专利分类 ARDI - 研究促进创新 ASPI - 专业化专利信息 全球品牌数据库 马德里监视器 Article 6ter Express数据库 尼斯分类 维也纳分类 全球外观设计数据库 国际外观设计公报 Hague Express数据库 洛迦诺分类 Lisbon Express数据库 全球品牌数据库地理标志信息 PLUTO植物品种数据库 GENIE数据库 产权组织管理的条约 WIPO Lex - 知识产权法律、条约和判决 产权组织标准 知识产权统计 WIPO Pearl(术语) 产权组织出版物 国家知识产权概况 产权组织知识中心 产权组织技术趋势 全球创新指数 世界知识产权报告 PCT - 国际专利体系 ePCT 布达佩斯 - 国际微生物保藏体系 马德里 - 国际商标体系 eMadrid 第六条之三(徽章、旗帜、国徽) 海牙 - 国际外观设计体系 eHague 里斯本 - 国际地理标志体系 eLisbon UPOV PRISMA UPOV e-PVP Administration UPOV e-PVP DUS Exchange 调解 仲裁 专家裁决 域名争议 检索和审查集中式接入(CASE) 数字查询服务(DAS) WIPO Pay 产权组织往来账户 产权组织各大会 常设委员会 会议日历 WIPO Webcast 产权组织正式文件 发展议程 技术援助 知识产权培训机构 COVID-19支持 国家知识产权战略 政策和立法咨询 合作枢纽 技术与创新支持中心(TISC) 技术转移 发明人援助计划(IAP) WIPO GREEN 产权组织的PAT-INFORMED 无障碍图书联合会 产权组织服务创作者 WIPO Translate 语音转文字 分类助手 成员国 观察员 总干事 部门活动 驻外办事处 职位空缺 采购 成果和预算 财务报告 监督
Arabic English Spanish French Russian Chinese
法律 条约 判决 按管辖区浏览

吉尔吉斯斯坦

KG238

返回

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2015-жылдын 20-июлу № 178 'Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2015-жылдын 20-июлу № 178 'Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ ­

2015­жылдын 20­июлу № 178 ­

"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз ­ Республикасынын Мыйзамына ­

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ­

1­берене.

"Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007­ж., № 7­9, 685­ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.

2. 1­1­статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1­1­статья. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

Ушул Мыйзам салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди, анын ичинде өлкөнү андан ары туруктуу өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый мурасы жана кенчи болуп саналган салттуу билимдерди пайдалануудан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган генетикалык ресурстарды (мындан ары ­ салттуу билимдер) пайдалануу менен салттуу билимдерди бекемдейт.

3. 2­статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"фонд ­ ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдүн негизинде жеке жана юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү же башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн мүчөлүгү болбогон уюм.".

4. 4­статья күчүн жоготту деп таанылсын.

5. 6­статьяда:

экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарына жеке жана юридикалык жактардын өздөрү, ошондой эле алар тарабынан аныкталуучу өкүлдөр да өкүлчүлүк кылышы мүмкүн.";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 4­бөлүк менен толукталсын:

"Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана салттуу билимдерди укуктук коргоого таандык болгон башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат.".

6. 7­статьяда:

расмий тилдеги тексттин 4­бөлүгүндө "совместно" деген сөз алып салынсын;

6­бөлүгүндө "Мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан" деген сөздөр "Мамлекеттик органдарга жана мекемелерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 8­статьянын 7­бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.

8. 9­статьянын 1­бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу органга" деген сөздөр алып салынсын.

9. 11­статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11­статья. Салттуу билимдерди каттоо жана күбөлүк берүү

Салттуу билимдерди каттоо жана маалыматтарды киргизүү алым төлөнгөн шартта оң чечимдин негизинде жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары ­ Реестр) салттуу билимдерди колдонуу укугун каттоо же берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү тартиби жана анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Салттуу билимдин ээлеринин каалоосу боюнча Реестрге киргизилген салттуу билимдерди каттоого таандык болгон маалыматтар Реестрге киргизилген датадан тартып үч айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Жарым­жартылай жарыялануучу же жарыяланбоочу салттуу билимдер купуялуулук режиминде сакталат.

Алым өтүнмө ээси салттуу билимди каттоо жана/же аны пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечимди алган датадан тартып эки айдын ичинде төлөнөт.

Салттуу билим кимдин атына катталса жана/же салттуу билимди пайдалануу укугу кимге берилсе ошол өтүнмө ээлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк белгиленген тартипте берилет. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Күбөлүк берүү расмий бюллетенде жарыялангандан кийин эки айдын ичинде жүргүзүлөт.".

10. 12­статьяда:

1­бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Күбөлүк өтүнмө берилген датадан тартып он жыл өткөнгө чейин күчүндө болот.";

6­бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.

11. 14­статьяда:

1­бөлүгүндө ", салттуу билимди ыйгарым укуктуу органында каттаткан" деген сөздөр алып салынсын;

2­бөлүгүнүн үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Келишим белгиленген алымды төлөөнү жүзөгө ашыруу шартында катталууга жатат.".

12. 15­статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15­статья. Алымдар

Салттуу билимди каттоо же пайдалануу укугун берүү менен байланышкан юридикалык маанилүү аракеттерди жасаганы үчүн алымдар төлөнөт.

Аларды жасаганы үчүн алымдар алынган аракеттердин тизмеги, алардын өлчөмдөрү жана төлөө мөөнөттөрү, ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотуунун, алардын өлчөмдөрүн азайтуунун жана кайтарып берүүнүн негиздери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Алымдар өтүнмө ээси, күбөлүктүн ээси же алар менен макулдашуу боюнча кандай гана болбосун жеке же юридикалык жактар тарабынан төлөнөт.".

13. 16­статьянын 2­бөлүгүндө "ыйгарым укуктуу органга караштуу" деген сөздөр алып салынсын.

2­берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаев